Биз менен байланышыңыз

Кахов ГЭСинин жардырылышы: Негизги маалыматтар

Блог | 7 Июн 2023 | 3378 | 0

Украинанын Херсон облусунда жайгашкан Кахов ГЭСи кечээ 6-июнда жардырылып, суу сактагыч жараксыз абалга кептелди. Бул окуяда Орусия менен Украина бири-бирин күнөөлөп жатышат. Ал эми экологдор бул чоң апаатка жол ачышы мүмкүндүгүн айтышууда. Эксперттер суу каптоолор 3-4 күнгө созулуп, андан соң гана дайра өз нугуна түшөрүн болжолдоп жатышат. Бул кырсык 80ден ашык калктуу конуштарга таасир берип, 16 миң адам эвакуациялана турган болду.

Кахов ГЭСи тууралуу негизги маалыматтар

Кахов ГЭСи — Днепр дарыясында курулган гидроэлектрстанциялар каскадынын алтынчы баскычы. Херсон облусунда Нова Каховка шаарынан 5 км алыстыкта жайгашкан. Ал 1956-жылы салынган.

Дамба жалпы 18,2 км куб сууну сактаганга ылайыкталган. Салыштыруу менен айтканда, Кыргызстандагы Токтогул ГЭСине 19,3 км куб суу батат. Кахов дамбасынын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,2 кмди түзөт.

Украинанын Херсон облусундагы Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан Кахов жана Нова Каховка калктуу пункттары учурда Орусиянын оккупациясында. Ал эми дарыянын оң жээгин украин аскерлери өткөн жылдын ноябрында кайтарып алган.

Азыркы тапта критикалык чекте суу капташы мүмкүн болгон аймакта 16 миң тургун бар. Ал эми ондон артык айыл-кыштактар кооптуу аймакта жайгашкан.

Орусия Каховка ГЭСинин жарылышында Украинаны күнөөлөп, бул атайын провокация деп атады. Украина тарап болсо ГЭСти жардыруу Орусиянын иши экенин айтып, ГЭСтин негизги агрегаты атайын жардырылганын билдирүүдө.

«Укргидрэнерго» болсо ГЭСти эми кайра тургузууга болбой турганын билдирди.

Каховка ГЭСинин жайгашкан орду. Фото: Google Maps

Украинанын чалгындоо кызматы 2022-жылдын апрелинен бери орус аскерлери Каховка ГЭСинин айланасын миналарды коюп келгенин билдирген.

«Суу сактагычта эки «КамАЗ» унаасы айдоочусуз жайгаштырылып, аларга жарылуучу заттарды жүктөп келишкен», — деп билдирген украин чалгын кызматы.

Шаарларды өтө тездик менен суу каптап жатат

Нова Каховка шаарын да суу каптай баштады. Шаардын ортосундагы Днепр проспектисине чейин суу каптап, шаардын зоопаркы, жазгы театр жана Шевченконун айкелин да суу баскан.

Учурда адистер бул жардыруунун техногендик мүнөзгө ээ экенин айтышууда.

Ал эми Орусия тарап өзүнө каратып алган аймактарда суунун ченеми 10 метрге көтөрүлгөнүн билдирип, Корсунка жана Днепр аймактарынын калкын эвакуациялоону баштаган.

Буга чейин Украина бийлиги Днепрдин оң жээгиндеги айыл-кыштактарды эвакуациялоо башталганын жарыялаган. Украинанын ички иштер министри Игор Клименко айрым айылдарга куткаруучулар бара албай жатканын да кошумчалаган.

Нова Каховкадагы стадиондун азыркы абалы. Фото: UNIAN
Нова Каховкада суу баскан үйдөн адамдарды куткарышууда. Фото: Ukraine now
Сув тошқини харитаси. Фото: Ukraine now

Суу сактагычтын жарылуусу кандай көйгөйлөрдү жаратат? 

Азыркы тапта суунун 70%ын Каховкадан алган Кривий Риг (Кривой Рог) шаарында да суу боюнча көйгөйлөр башталды. Шаардын жетекчилиги тургундарды сууну колдонууну 30%га кыскартууну суранды. Ал эми тургундар дүкөндөрдөгү сууларды сатып ала баштаганы да айтылууда.

Запорожья атом электр станциясы да Днепр дарыясынын жээгинде жайгашкан. Суу сактагычтын жарылышы бул АЭСке да терс таасирин тийгизет. Анткени АЭСтин салкындатуучу агрегаты дал ушул ГЭСке байланыштуу болчу.

Суу сактагычтан Түндүк Крым каналына да суу бөлүнөт. Эми суунун көлөмү азайып кеткендиктен каналга суу өтпөй калышы мүмкүн. Бул дегени Крым жарым аралы дээрлик суусуз калат дегенди түшүндүрөт.

Мына ушундан улам да Орусия суу сактагычтын жарылуусунда Украинаны күнөөлөп жатат. Бирок жогоруда айтылгандай, Украинанын Кривий Риг шаары да суусуз калып, анын сыртында жүз миңдеген айдоо аянттары да сугатсыз калат.

Орусия өкмөтү буга чейин Крымга суунун кайра келишин майрамдаган. Бирок азыр Крымдын суусуз калуусуна тынчсыздана элек

2022-жылы, 24-февралда Орусия Украинага бастырып киргенден кийин, Херсон облусун ээлеп, андан соң дароо Крымга Түндүк Крым каналы аркылуу суу берилген. Бул окуя орус медиасында позитивдүү бааланып ,2,5 млн калкы бар Крымга суу кайра келгени майрам катары белгиленген. Бул боюнча Путин да Астанадагы саммитте Украинадагы «атайын операциянын» бир максаты Крымга сууну кайтаруу болгонун айткан.

Ал эми азыркы абалда Орусия бийлиги Каховкадагы жардыруу Крымга эч кандай таасир бербей турганын айтышууда. Севастополь  губернатору Михаил Развозжаев болсо, жарым аралда суу резервуарлары толук деп ишендирген. Бирок ошол резервуарларга суу Түндүк Крым каналы аркылуу келет.

Суу ташкынынын кесепеттери. Фото: Ukraine now

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM