Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Украинадагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 164 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» экинчи саммитинде эл аралык коопсуздук маселелери тууралуу айтып жатып, Украинадагы кырдаалга токтолду.

Жапаровдун пикиринде, кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

«Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди, тынчтык демилгелерди кубаттайбыз. Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт. Биз бүгүн эл аралык мамилелердин жана коопсуздуктун дүйнөлүк архитектурасында болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз».

Ошондой эле дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканына тынчсыздануусун билдирген.

«Мындай шарттарда жаңы муундардын келечеги үчүн ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен глобалдык жана региондук коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргелешип иштөө маанилүү деп эсептейбиз. Бүгүнкү басма сөзгө жасай турган биргелешкен билдирүүбүздө Тышкы иштер министрлерине жана Евробиримдиктин жогорку өкүлү Барель мырзага Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча биргелешкен жол картасын ишке ашырууну жол-жоболоштуруп, алдыга жылдырууну тапшырабыз. Кызматташтыктын негизги багыттары боюнча менин сөзүмдө айтылган сунуштар бул документте эске алынат деп ишенем», — деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» экинчи саммити өтүп жатат.

Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM