Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Балыкчыга поезд 16-июндан тарта каттай баштайт

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 265 | 0

16-июндан тартып Бишкектен Ысык-Көлгө поезд каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, андан кийин 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө жүрүп турат.

«Поездде панорамалык терезелер, кондиционер, муздак жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Билеттерди алдын ала 12-июндан баштап сатып алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Поезд Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан «Бишкек-2» станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан «Рыбачье» станциясына саат 11:42де барат.

Ал эми «Рыбачье» станциясынан саат 17:48де жөнөгөн поезд «Бишкек-2» станциясына 21:50дө келет.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү демалышсыз кайрылууга болот:

0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM