Биз менен байланышыңыз

Июнь айында бензин 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 249 | 0

Июнь айында Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда бир литр бензиндин баасы 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн. Мындай божомолду Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка караганда, мунай сатуучу компаниялар баанын өсүшүн баланстоо жана күтүүсүз өзгөрүүлөрдөн качуу саясатын улантууну көздөп жатышат. Ассоциация дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттап баратканын, мунайдын Brent үлгүсү 1,2% кымбаттап, 77,34 долларга чейин чыккан.

2023-жылдын май айында Санкт-Петербург товардык биржасында бензиндин баасы жаңыланып, тоннасына 61 миң 700 рублдан ашык болгон.

Бүгүнкү күндө орус бийлиги бензиндин тартыштыгын жана ички рынокто баанын өсүшүн улантпоо үчүн аны экспорттоого убактылуу тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.

Буга байланыштуу Кыргызстандын жергиликтүү жеткирүүчүлөрү июнь айына карата күйүүчү май менен камсыз кылууда кыйынчылыктарга дуушар болууда.

Copyright © 2017 Maral FM