Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Лейлектеги 100 үй калыбына келтирилди

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 274 | 0

Былтыр Тажикстандын куралдуу кол салуусунан талкаланган Лейлек районундагы 100 үй калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Лейлек районунун чек ара айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринен кабар алышты.

Жетекчилер турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушуп, курулуштун сапаты боюнча сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын сентябрындагы тажиктердин куралдуу кол салуусунан Баткен облусу боюнча жалпы 417 үй жабыркаган болсо, анын ичинен 100ү Лейлек районунда жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM