Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында кезек пайда болду

Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 303 | 0

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында саат 14:00гө карата унаалардын топтолушу байкалууда.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлап, өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Жүк ташуулардын көбөйүшү айыл чарба продукциясын Кыргызстандын аймагынан экспорттоого байланыштуу болууда.

Кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын топтолушу катталган жок.

Чек ара кызматы Кыргызстан тараптан жүк ташуучуларга чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө эч кандай чектөөлөр жок экенин белгилейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM