Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 424 | 0

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук сурады. Бул тууралуу бүгүнкү жалпы жыйында төрага Нурланбек Шакиев маалымдады.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Башкы прокуратура эки маселе койгон.

«Биринчиси, депутат Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде, 278-беренесинин 1-бөлүмүндө, 326-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаганы үчүн жана экинчиси, 338-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасаганы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүңүздөрдү өтүнөм», — деп жазганын окуду.

Башкы прокурордун кайрылуусу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Алар 48 сааттын ичинде жагдайды иликтеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышы керек.

Айта кетсек, Башкы прокуратура 2022-жылдын февраль айында Адахан Мадумаровду «чыккынчылык» беренеси менен айыптап, жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргизген. Депутаттык комиссия ишти бир ай карап чыгып, алардын корутундусунун негизинде парламент 9-мартта башкы прокурордун сунушун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM