Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна медициналык жабдууларды, унааларды, оргтехникаларды жана формалар тапшырылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, унаа, меджабдыктар Эл аралык миграция уюмунун Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин «COVID -19 жана башка жугуштуу ооруларга каршы күрөшүү, Кыргызстанда саламаттыкты сактоону жана чек ара көзөмөлүн күчөтүү» долбоору тарабынан каржыланды.
Долбоор Кыргызстанга кирүү пункттарынына зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоого жана санитардык карантиндик пункттардын кызматкерлеринин жаңы пайда болгон эпидемиологиялык өзгөчө кырдаалдарга эффективдүү чара көрүү потенциалын жогорулатууга багытталган.