Кыргызгидромет билдиргендей, 28-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 25…27.