Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө сырттан ташылган өсүмдүк майларына КНС жоюлду

Кыска кабар | 27 мая 2023 | 268 | 0

Кыргызстанга сырттан ташылган өсүмдүк майларына кошумча нарк салыгы жоюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда айтылган.

Мындай чечим өлкөдө азык-түлүк жана коопсуздугун камсыз кылуу жана тамак-аш товарларына карата базар баасын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Өсүмдүк майына түшүрүлгөн кошумча нарк салыгынын нөлдүк чени 2023-жылдын 15-майынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

Кыргызстанда өсүмдүк майын керектөө 60 миң тоннаны түзөт. Өлкөдө мунун 5-6 миң тоннасы, же 9-10% гана өндүрүлүп, калганы сырттан ташылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM