Connect with us

Масалиев: Коррупция экономика өнүккөндө гана жоюлат

Блог | 25 Май 2023 | 447 | 0

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшүү оор болуп жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын билдирүүсүнөн кийин өлкөдө бул маселе кайрадан талкууга чыкты. Мындан улам Кыргызстандагы коррупциялык абалды Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен бирге талкууладык.

— Исхак мырза, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөдөгү коррупция менен күрөштүн биринчи этабы узакка созулганын билдирди. Кыргызстанда коррупция менен күрөш байкалып жатабы? Системдүү түрдө жүрүп жатат деп эсептесек болобу? 

— Ал өзүнүн пикирин айтты, кайрылуу эмес, арыз катары айтып жатат, «күрөшүп жатам, оор болуп жатат, дагы убакыт керек» деп.  Мен жалпы коррупция боюнча айтсам болот. Коррупция менен күрөшүү — коррупционерди камоо эмес, ошол жолго алып барган системаны жоюу. Коррупцияга алып бара турган жолдорду жабуу, мүмкүнчүлүктөрдү жокко чыгаруу зарыл. Маселен, мамлекеттик каражатка бир нерсе сатып алууга уруксат берүү, тендерлерде утуп алууга шарт түзүү, ушул нерселердин эрежесин өзгөрткөндө коррупция жоюлат. Ал эми коррупционерди камоо — жыйынтыктоочу иш.

— Кыргызстанда учурда коррупция боюнча абал кандай?

— Өлкөнүн башынан аягына чейин бар. Коррупциянын ар кандай түрү бар. Бирөө каражат уурдайт, бирөө бийлигин колдонот, бирөө кызматка коёт, бирөө сатып алуу жүргүзөт. Билим берүү системасында, Саламаттык сактоо системасында, коргоо органдарында, айтор, бардык органда бар, кантип эле жок болсун. Тууганыңызды кызматка койгондо, «орду майлуу-сүттүү болсун» дейбиз. Болгону мектепке директор болуп баратса, анда кайдагы «май», кайдагы «сүт»?

— Ташиев эми жазалоо күчөөрүн, дос-тууганга карабасын айтып жатат. Бизде тууганчылыктан кантип арылса болот? 

— Биринчиден, бизде мыйзам өзгөргөн жок. «Эми катуураак, буга чейин жоош болдук» деген — ал өзүнүн иши. Мыйзам баарына бирдей. «Биз белгилүү бир убакыт беребиз, анан кийин катуу кармайбыз» деген түшүнүк — бир аз адашкандык. Башынан эле катуу кармоо керек. Мисалы, коррупционерлерге уурдаган акчасын бюджетке төктүрүп, анан эркиндикке чыгаруу күрөш эмес. Чара колдонуу зарыл. Адам адамдын колун сындырса, толук жоопко тартылышы керек. Мамлекеттик акчаны жеп, аны кайра ордуна койгондон кийин, «бар, бара бер» деген күрөш эмес.

— Өлкөдөгү коррупция менен кантип күрөшсөк болот? 

— Биринчиден, экономиканы өнүктүрүп, ишкерлерге мүмкүнчүлүк берүү керек. Патыратып кубалабай, тескерисинче, иштетүү абзел. Ошондо жумушчу орундар пайда болот. Жумушчу орундар пайда болсо, үй-бүлөлөр керектүү деңгээлде камсыз болуп, коррупцияга баш салышпайт.  Билим берүү системасында мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылып, ата-энелерден акча чогултпай, бюджеттен акча чогултуу керек. Эң негизгиси, экономиканы өнүктүрүп, жарандардын жашоосун жакшыртсак, коррупцияны ойлонбойт.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM