Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров эртең Москвага барат

Кыска кабар | 23 мая 2023 | 247 | 0

24-25-майда президент Садыр Жапаров Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул туурасында Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Президент Садыр Жапаров 24-майда, Евразиялык Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттеринин башчылары менен бирге «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле 25-майда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, Биримдиктин мындан аркы өнүгүүсү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM