Биз менен байланышыңыз

Сузакта мыйзамсыз иштеп келген эки медресе аныкталды

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 193 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан эки жашыруун медресе жабылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун Тотуя айылында 2022-жылдын аягынан бери эркек-аял медреселери эч кандай уруксатсыз иштеп келген.

Эркектердин медресесинде 9 жаштан 18 жашка чейинки 25тен ашуун бала окуган. Алар медресенин жатаканасында жашап, орто мектептерге барышкан эмес.

Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 кыз билим алып келген. Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин сабактар өтүлүп келгендиктен кыздар мектепке барбай калышкан.

Бул медреселерде диний сабактарды диний билими жок мугалимдер алып барышканы аныкталган, алар негизинен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуу менен Куран окууну жана хадистерди үйрөнүшкөн.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар боюнча актылар жана протоколдор түзүлдү. «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 8-10-беренеси, 142-беренесинин 1-бөлүгү, «Жол бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык 5500 сом өлчөмүндө (ар бирине) айып салынып, медресе жабылган.

Мындан тышкары окуучулар Сузак РИИБге жеткирилип, ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM