Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигинин тышкы карыз боюнча суроолоруна жооп берип жатып, аны азыр толук төлөп салса, мамлекетке пайдасыз болорун айтты.
Жапаровдун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 31-мартына карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 млрд долларды түздү.
«Азыркы учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат. Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз», — деди Жапаров.
Президент айткан маалыматтарга таянсак, тышкы карызга 2004-жылы 3,1 млрд сом, 2008-жылы 5 млрд сом, 2011-жылы 9,4 млрд сом, 2017-жылы 20,6 млрд сом, 2019-жылы 28,1 млрд сом төлөнгөн. Жыл сайын карызды төлөөнүн көлөмү графикке ылайык өсүп келе жатат.
2022-жылы 33,6 млрд сом карыз төлөнгөн. Быйыл 48,6 млрд сом төлөнөт. 2024-жылга 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган.
Садыр Жапаров учурда алынып жаткан насыянын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатканын айтат. Насыя экономиканы өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорго жумшалууда.
«Азыр экономикабыз кубаттуу болуп калды, мамлекеттин ички дүң продукциясынын көлөмү быйыл 1 триллиондун тегерегине жетсе, 2027-жылга 2 триллиондон ашат деп болжоп жатабыз.
ИДПнын реалдуу өсүү темпи 2022-жылы 7% болуп, эң жакшы көрсөткүчкө жетти. Ошондуктан тышкы карызды төлөө маселеси көйгөй эмес. Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан, тышкы карызды улам көтөрүп, паника кылып, талкуулабай эле койсоңуздар болот», — деп айтылат Садыр Жапаровдун маегинде.