Биз менен байланышыңыз

Икрамов: Түрк элинин шайлоого кайдыгер карабаганы бизди таң калтырды

Блог | 15 мая 2023 | 419 | 0

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо кызуу өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча башкы атаандаштар Режеп Тайып Эрдоган менен Кемал Кылычдароглу экөө тең 50%дык чекти басып өтө алган жок. Мындан улам шайлоонун экинчи туру 28-майда өтөт.

Түркияда өтүп жаткан шайлоого башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү байкоочу катары көз салып турушат. Кыргызстандан барган байкоочу, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Маралга» маек берип, суроолорго жооп берди.

 — Тазабек мырза, Түркиядагы шайлоого байкоочу катары көз салып турасыз. Негизи дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган бул шайлоо кандай маанайда өттү?

— Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрү шайлоого катыштык. Шайлоо тилкелерине барып көзөмөл жүргүздүк, партия лидерлери менен жолуктук, тактап айтканда, эки оппозициячыл партия жана эки бийликтин партиясы менен кезиктик. Шайлоо учурунда ар бир шайлоо тилкесине бардык, ал жерде партиянын мүчөлөрү жана байкоочулар толук катышып отурушту.

— Негизи эле Түркияда админресурс, добуш сатып алуу деген сыяктуу мыйзам бузуулар катталат бекен же такыр эле жокпу?

— Бул тарыхый күн болду. Шайлоо учурунда мыйзам бузууларды көргөн жокпуз. Бул шайлоого дүйнө жүзү көз салып турду. Андыктан админресурс, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар катталган жок. Биз да байкоочу катары көзөмөлдөп турдук.

— Шайлоонун жыйынтыгы кандай болду? Экинчи турдун өтүү ыктымалы канчалык чындыкка жакын?

— Түркияда өзгөчө бир демократиялык шайлоо болду десем болот. Ар бир бюллетенди тыкыр көзөмөлдөп, ким кайсы партияга добуш бергенин карап, маалымат берип турушту. Мындан сырткары кайсы облуста, райондо ким алдыда болуп жатканын, канча добуш топтогонун телеканалдарда байма-бай көрсөтүп турушту. Азырынча экинчи тур өтөр-өтпөсү белгисиз болуп турат.

— Бул шайлоодон Кыргызстан кандай сабактарды алса болот?

— Түркия мамлекети демократиянын белгисин көрсөтүштү. Өлкөдө акыйкат, таза шайлоо өтө турганын дүйнө жүзүнө көрсөттү. Түрк эли парламенттик жана президенттик шайлоого ооруп жатышса да, кандай кырдаал болбосун, жапатырмак баары келип катышат экен. Мамлекеттин эли шайлоого кайдыгер эмес экенин, эл бийлик өкүлдөрүн өздөрү чече турганын көрсөтүштү. Демократиянын туу чокусун көрсөтүп коюшту деп айтат элем.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM