Биз менен байланышыңыз

Ошто бир канча социалдык объект күзгө чейин пайдаланууга берилет

Кыска кабар | 13 мая 2023 | 201 | 0

Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата 3 бала бакча, 2 мектеп жана бир медициналык борбор пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн Оштун мэри Бакытбек Жетигенов шаарда курулуп жаткан жана үстүбүздөгү жылдын 31-августуна чейин бүткөрүлө турган социалдык объектилер менен жеринен таанышып чыккан.

Анын жүрүшүндө шаар башчысы иштин сапатына жана курулуш убактысына өзгөчө көңүл бурууну тапшырып, аталган имараттар курулуп жаткан башка социалдык мекемелерге үлгү болушу керектигин баса белгиледи.

Жетигенов «Амир-Тимур» МАБнын 100 орундуу бала бакчасынын, «Манас-Ата» МАБнын №27 XХIV партсъезд атындагы мектебинин 500 орундуу кошумча имаратынын, Керме-Тоо айылындафы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айылындагы №31 «Курманжан-Датка» атындагы мектебинин 225 орундуу кошумча окуу имаратынын жана спорт залынын, Ак-Тилек кичи районундагы 75 орундуу бала бакчанын, №5 ҮМБнун филиалынын курулуш иштери менен таанышып, кыдырып чыкты.

Аталган курулуштардын бардыгы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM