Connect with us

Кыргызстанга кытайлык ишкерлердин тобу келди

Кыска кабар | 13 Май 2023 | 179 | 0

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков Кытайдын Сиань жана Тайюань шаарларынан келген 4 компаниянын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Мурадил Сыдыков энергетика, жол куруу жаатында Кытай менен биргеликте ишке ашырылып жаткан бир катар ири долбоорлорго токтолду.

«Кыргызстан чет элдик инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз инвесторлорго ар дайым колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди ал.

Кытайлык компаниялардын өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттары тууралуу учкай маалымат берип, алар Кыргызстанга таанышуу сапары менен келгендигин, соода-экономикалык кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Тараптар транспорт, жолдорду куруу, жол куруучу техникаларды, электромобилдерди жана электробустарды алып келүүчү дилердик борборду ачуу жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM