Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жер тилкеси боюнча алдамчылык фактысы аныкталды

Кыска кабар | 4 мая 2023 | 154 | 0

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек мэриясынын жана «Бишкек башкы архитектура», «Кадастр» ишканаларынын кызматкерлери коррупцияга аралашканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

2007-жылы жогоруда аталган ишканалардын кызматкерлери жасалма аукцион өткөрүшүп, А.Э.Ж. аттуу жаранды жеңүүчү деп табышкан да, ага Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин 5,5 млн сомго мыйзамсыз сатышкан. Жер алган жаран кийин аны К.Н.М. ЖЧКсына саткан.

Жалпы аянты 97 сотых жер тилкеси ошол учурда 165 млн 737 миң сом болгон. Жең ичинен арзандатып сатуудан мамлекет ири чыгымга учураган. Учурда К.Н.М. ЖЧКсы айтылган жерге имарат куруп жатат.

Бул факты боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен иш козгоп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM