Биз менен байланышыңыз

5-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 4 мая 2023 | 404 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 5-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20 (түнкүсүн үшүк жүрөт),

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13 (түнкүсүн үшүк жүрөт),

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12, (түнкүсүн үшүк жүрөт).

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +18…+20 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM