Биз менен байланышыңыз

«Акча бербесең, соцтармак аркылуу каралайм» деген шылуун кармалды

Кыска кабар | 3 мая 2023 | 546 | 0

Чүйдүн Аламүдүн районунда опузалап акча талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-апрелде милицияга 76 жаштагы жаран кайрылып, Б.У. аттуу адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Анын арызында айтылгандай, шектүү 2023-жылдын апрель айынан бери массалык маалымат каражаттарына терс мазмундагы видеону жарыялайм деп коркутуп келген. Видеону жарыялабоо үчүн 40 миң доллар талап кылып, анын 37 миң 300 долларын алган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «опузалап пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү 2700 доллар алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

33 жаштагы Б.У. социалдык тармактарда транспорт каражаттарын техникалык кароо чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөш боюнча материалдарды активдүү жарыялап жүргөн. Тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM