Биз менен байланышыңыз

«Айтматовдун изи менен»: Өзгөчө өткөн китеп жарманке

Коом | 27 Апр 2023 | 367 | 0

Бүгүн, 27-апрелде борбор калаада Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнүн алкагында ири китеп жарманкеси өттү. Ошондой эле «Айтматовдун изи менен» аттуу жумалык фестиваль да өтүп жатат. 

Жарманкенин өзгөчөлүгү Казакстан, Орусия, Кытай, Өзбекстандан да өкүлдөр келгени болду. Чет элдик меймандар фестивалда куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, китептерин белекке беришти. 

Жарманкеге келген 63 жаштагы пенсионер Нургүл Качканакова учурда Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин экинчи курсунун студенти. Ал бүгүн китеп сатып алууга келгенин айтып, мындай иш-чаралар жарандардын аң-сезимин жакшы нукка өзгөртөт деген пикири менен бөлүштү.

«Бүгүнкү болуп жаткан китеп майрамы – жан дүйнөнүн азыгы. Ар бир адам китепке жакын болсо, анын сөз байлыгы, жан дүйнө байлыгы, адамга кылган мамилеси, жашоого болгон көз карашы жакшы жакка өзгөрөт деген ойдомун. Мындай иш-чаралар биздин элибизге аба-суудай керек болуп жатат. Аябай жакшы, жогорку деңгээлде өтүүдө».

Китеп жумалыгынын негизги максаты Кыргызстанда, өзгөчө балдар жана жаштар арасында китеп окуу маданиятын көтөрүү, авторлордун, басма үйлөрдүн, китепканачылардын коомдук жана маданий өнүгүүгө кошкон салымын белгилөө болуп саналат.

Кыргыз улуттук китеп палатасынын директорунун орун басары Кален Сыдыкова жарманкенин өзгөчөлүгүнө токтолду.

«Бул жылкы жарманкенин өзгөчөлүгү: эл аралык деңгээлде өтүп жатканы. Коңшу өлкөлөр: Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан коноктор, илимпоздор, окумуштуулар келип, алар да китептеринин таанытымын жасап жатышат.

Авторлордун урматына улуттук китеп жасалгалоо (дизайн, шрифт, сүрөт) боюнча атайын «Китеп искусствосу» аттуу республикалык деңгээлдеги конкурс өтүп жатат. Ар бир басмакана бир жыл бою басып чыгарган китептери менен катышат. Атайын комиссия түзүлгөн, алар карап чыгып, жеңүүчүлөргө ар кандай сыйлыктар тапшырылат».

Жазуучу Асыкбек Оморов жарманкеге жыл сайын өзү жазган китептерин ала келип катышып турат. Ал ушул сыяктуу иш-чараларды бир жылда бир жолу эмес, ай сайын өткөрүп турууну сунуштайт.

«Негизи мындай иш-чараларды бир жылда бир эмес, ай сайын өткөрүү керек. Чынын айтсам, кыргыз эли китеп окубай калды. Элде кызыгуу пайда болуп, китеп окуп башташса, жакшы болот эле. Жарманкеге келген коноктор кайрылып, кээ бирлери кызыгып, китептер жөнүндө көп нерсени билгендер: «Бул китепти окудум, тиги китепти окугам», — деп айтып жатышат, аябай кубандырды. Бирок көп кызыктуу китептерди «биринчи жолу көрүп жатам» дегендер да болууда, мындай көрүнүш өкүндүрөт».

Китеп майрамына келгендер театр оюндарына, ар кандай конкурстарга катышып, китеп сатып алып, ошондой эле работотехника жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алышты.

Дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү ЮНЕСКОнун башкы конференциясында 1995-жылы бекитилген. Ошондон тарта жыл сайын 23-апрелде китеп майрамына арналган ар кандай иш-чаралар өтүп келет. Кыргызстанда быйыл бул күндү белгилөө 27-апрелге жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM