Биз менен байланышыңыз

20-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Апр 2023 | 215 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +15…+17 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM