Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн Искра айылындагы дунган калкынын ооз ачарынан фоторепортаж

Блог | 19 Апр 2023 | 378 | 0

Кыргызстанда 100гө жакын улут жашайт. Алардын ичинде 76 миңден ашуун дунган калкы да бар. Бул улуттагылар айрыкча Чүй районунун Искра айылында көбүрөөк турушат. Айылдын өзгөчөлүгү «сен дунган, сен кыргыз, сен башка» деп бөлүнбөй, жердештик ынтымагы бекем. Орозодо да чогуу ооз ачырууну адатка айлантып алышкан.

Искра айылында Орозо айы башталгандан бери күн сайын ооз ачар уюштурулат. Биз барган учурда дунган улутундагы Абдулла Дикарахунов теңтушары менен биргеликте айыл элине ооз ачар өткөрүүгө камылга көрүп жатышкан экен.

«Биз теңтуштарыбыз менен ооз ачарга даярданып жатабыз. Таң эрте баарыбыз базарга барып келдик. Биринчиге балык шорпо кайнатып, экинчиге палоо басып жатабыз. Ал эми таттууларды ар бирибиз үйдөн колдон келгенин жасап алып келдик. Улуттук тамак-аштар тойлордо гана чанда жасалат. Айылдагы бардык жашоочуну чакырганбыз. Мунун баарын Кудайдын ыраазычылыгы үчүн сооп табалы деген максатта жасап жатабыз».

Ашпоз Маалик Лилиздин айтымында, дунган улуттук тамактары үйлөнүү тойлордо гана жасалат. Мындайда көп учурда палоо басылат. Өзбек палоосунан айырмасы: дунган палоосуна мейиз, зире, дагы ушул сыяктуу кошумча даам берген таттуулар кошулбайт.

Искра айылынын болжолдо беш миңдей тургуну бар. Алардын басымдуу бөлүгүн кыргыз, дунган, өзбек улутундагылар түзөт. Ушул айылдын тургуну кыргыз Асылбүбү Көчөрбаева дунган элине келин болгон. Асылбүбү апанын айтымында, айыл ар улуттун өкүлдөрүнөн куралганы менен баары бир атанын балдарындай ынтымакта күн кечирип келишет.

 «Баарыбыз ынтымакта жашайбыз. Биздин салттар окшошуп кетет. Себеби, баарыбыз мусулманбыз. Төркүнүм келсе кыргыз салтын, кайын журтта дунган салтын колдоном берем. Эки тараптыкын бирдей эле колдоном. Рамазан айы башталгандан тарта күндө ооз ачырууга чакырышат. Бул жактан намаз окуйбуз, баарыбыз чогуу тамактанабыз. Кетип жатканда баштыгыбызды толтура салып беришет. Абдан сыйчыл келишет».

Айылдык кеңештин депутаты Мирлан Насыркановдун айтымында, элдин биримдиги аркылуу айылды өнүктүрүү үчүн бир топ жакшы долбоорлор ишке ашып келе жатат.

«Кыргыздар дунгандар менен мамилебиз абдан жакшы, ынтымактуубуз. Турмуштун түрдүү жагдайында бири-бирибизге жөлөкпүз. Биргеликте ооз ачырууларга, айылдын өнүгүшүнө жакшы долбоорлор болсо, жапатырмак ишке ашырабыз».

Искра айылына дунгандар 1957-жылдан тарта көчүп келе баштаган. Бул айылда мурда чечендер да болгон. Учурда алар бирин-экин болбосо, дээрлик калбай деле калышкан. Айылдын көпчүлүгүн кыргыз, дунган, өзбек улутундагылар түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM