Биз менен байланышыңыз

Ош милициясы Бишкектен баңгизаттын ири партиясын кармашты

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 588 | 0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектен синтетикалык баңгизат жасаган лабораторияны таап чыкты.

Милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын 9-январында Ош шаарынан 20 грамм синтетикалык маңзат катылган күрмөнү алып бара жаткан курьер кармалган. Окуя боюнча тергөөнүн жүрүшүндө синтетикалык маңзат Бишкек шаарындагы лаборотиядан жасалганы маалым болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, атайын иликтөө башталган. Анын натыйжасында Бишкек шаарындагы батирлердин биринен жашыруун лаборатория табылып, далил катары маңзат жасаган шаймандар жана 3 кг 324 гр маңзат алынган.

Лабораторияны иштетүүгө шектелип, Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун 2003-жылы туулган тургуну Т.К.К. жана Келечек конушунун 2004-жылы туулган тургуну К.Т.Н. кармалган.

Фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM