Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Каракол-Эңилчек унаа жолу бир тараптуу жабык

Кыска кабар | 13 Апр 2023 | 171 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Каракол-Эңилчек унаа жолу бир тараптуу жабык экенин билдирди. Маалыматка караганда, 12-апрелде саат 17:12 чамасында Ак-Суу районунда Каракол-Эңилчек унаа жолунун болжол менен 83-86-чакырым аралыктарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүп, унаа жол эки тараптуу жабылган.

Кырсык катталган жерге ыкчам топ жана №11 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, 1 бульдозер тартылган. Ички иштер министрлиги тарабынан пост коюлуп, нөөмөт уюштурулган. Саат 23:30да унаа жол бир тараптуу ачылган.

Учурда тартылган техниканын жардамында унаа жолду толук тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM