Connect with us

Быйыл да сугат суу тартыш болушу мүмкүн

Коом | 12 Апр 2023 | 576 | 0

Жыл сайын суу тартыштыгы дыйкандарды бир топ түйшүккө салат. Былтыр сугат суунун жетишсиздигинен улам көптөгөн кыйынчылыктар жаралган. Түшүм күткөндөн бир топ эле аз алынганын айткан дыйкандар өкмөт үйүнө чейин барышкан.

Быйылкы сугат суу маселесинин божомолу боюнча адистердин пикирин тыңдадык.

Былтыркы суу тартыш Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында дыйканчылык кылган Майрамкан Жумабекованы бир топ убарага салган. Ал суу убагында берилбесе, түшүм аз жыйналып, эмгеги текке кетерин айтууда.

«Былтыр да, быйыл да жазгы талаачылык эрте башталды. Арпа, жүгөрү, помидор айдадык. Былтыр «суу тартыш болбойт» деп айтышты эле, бирок жетишсиз эле болду. Биздин үнүбүз эч жакка жетпей, аягында өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, маселебизди айтып чыкканбыз. Быйыл да ошол көйгөй кыйнабаса экен деп отурабыз.

Биз жайдын башында сугарып калбасак, эртең бизге суунун деле кереги жок. Айдаган жерибиз күйүп кетип, түшүм аз болуп калат. 100 пайыз түшүм ала турган жерден 30 же 20 пайыз эле жыйнап калышыбыз мүмкүн. Аны менен биз бала-чаканы бага албайбыз. Мээнет талаага кетет».

Кыргызстанда жыл сайын сел алып, суу ташып, канал-арыктар кыйроого учурайт. Айрыкча, түштүк аймактарда бир эле жылда бир нече жолу суу алып кеткен канал-арыктар да бар. Былтыр 54 каналды сел алып, мамлекет 21,5 млн сом зыян тарткан.

Министрлер кабинети 2022-жылы өлкөдөгү ирригация тармагын жакшыртууга миллиард сом бөлүп, сугат суу маселесин чече турганын билдирген. Анткен менен быйыл да сугат мезгилинде суу жетиштүү болору күмөн жаратат.

«Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова сугат маселеси актуалдуу бойдон калып, отуз жылдан бери чечилбей жатканын белгилейт. Анын айтымында, өкмөттүн «айыл чарбага каражат бөлдүк» дегени — кубантарлык көрүнүш. Бирок көбүнчө айтылган маалыматтар менен аткарылып жаткан аракеттер дал келбейт.

Ниязбекова сугат маселесинин себептерин атады.

«Биз суунун башында турган өлкө болуп эсептелебиз, бирок жыл сайын эле суу жетишсиздиги менен бетме-бет келе беребиз. Өзүбүз суунун башында отуруп, коңшу мамлекеттерге суу берип жатабыз. Ошол эле учурда «бизге суу жетпейт» деп коңгуроо какканыбызга отуз жылдын жүзү болуп калды. Эмне үчүн суу жетпейт? Биринчиден, ирригация системасы бүгүнкү күнгө чейин жолго коюла элек. Экинчиден, мурун айыл тургундары, чарба кызматкерлери арыктарды, каналдарды тазалап турушчу. Бугүн биз ушул салтты жоготтук. Тилекке каршы, ошол арыктар, чоң каналдар тазаланбай калды, мунун баары суунун жоголуу процессине алып келет». 

Айыл чарба маселелери боюнча эксперт Бакытбек Мамытканов министрлик мурун жөн гана статистиканы көрсөтүп жүргөн болсо, азыр реалдуу иштер жүрө баштады деген пикирде. Мурунку жылдары суу тартыш болгондуктан бир топ көйгөй жаралган. Буга байланыштуу быйыл кышы бою аракет көрүлдү. Жылдагыга салыштырмалуу түшүм мол болору күтүлүүдө.

«Былтыр көп каражат сарпталып, бир топ канал тазаланды. Менин байкоом боюнча акыркы 20-25 жылда мындай иштер жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан быйыл сугат суу тартыш болбойт деп ойлойм. Бүгүнкү күндө Орусия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан согуштун аркасы менен көп дыйкан айыл чарбага көңүл буруп калды. Себеби буга чейин дыйкандар продукциясын сата албай кыйналышчу, быйыл бардык продукция шыр эле сатылат». 

Статистикалык маалыматтар боюнча, өлкө рыногунун 70%ын импорттук товар ээлейт. Анын ичинен күнүмдүк азык-түлүктүн, тамак-аштын басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келет.

Мамытканов кошумчалагандай, дүйнөлүк кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда каатчылык жаралбашы үчүн дыйкан-фермерлер көбүрөөк аракет кылышы керек. Ошондой эле быйыл алардын продукциясы чет өлкөлөргө мурдагыга салыштырмалуу көбүрөөк кетерин, дыйкандардын эмгеги акталарын белгиледи.

2022-жылы сугат суу маселесинде көйгөйлөрдү болтурбоо максатында өкмөт ирригацияны оңдоо үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлгөн.

Өлкөдөгү ички суу чарба каналдарынын 35%ы гана жарактуу. Мунун 90%дан ашыгы Дүйнөлүк банк аркылуу оңдолгон каналдар болсо, калганы союз мезгилинен бери оңдоло элек. Каражаттын жетишсиздигинен акыркы 20 жылда бир да канал капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Болгону тазалоо иштери гана жүргүзүлүп, суу берилип келген.

Copyright © 2017 Maral FM