Биз менен байланышыңыз

АКШ: Дональд Трампка айыбы угузулуп, убактылуу камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Апр 2023 | 434 | 0

АКШнын Манхэттен кылмыш соту экс-президент Дональд Трампка айыбын угузуп, расмий өкүм чыкканга чейин камакка алды. Бул тууралуу CNN телеканалы маалымдады.

Дональд Трамп сот залына колуна кишен салынбастан барган. Анткен менен анын иши каралып жаткан Нью-Йорктун Манхэттэн кылмыш соту бардык процедурадан өткөрүп, сүрөткө түшүрүп, манжа изин алган.

Прокурор Элвин Брэгдин Reuters сайтына берген маалыматына караганда, Дональд Трампка «мыйзамсыз иштерин шайлоочулардан жашыруу үчүн алдамчылыкка барган» деген айып коюлган. Тактап айтканда, «Дональд Трамп 2006-жылы болгон жыныстык мамилесин ачыкка чыгарбоо үчүн 2016-жылы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлске үгүт кампаниясынын эсебинен 130 миң доллар төлөгөн» деп шектелүүдө. Экс-президент ал айыпты мойнуна албай, муну 2024-жылдагы шайлоого катыштырбоо аракети катары баалап жатат.

Экс-президентке жалпы 34 пункттан турган айып коюлган. Соттук отурумда Дональд Трамп анын баарын четке какканын адвокаттары маалымдашты.

Дональд Трамптын иши боюнча кийинки соттук отурум 4-декабрга белгиленди. Ага чейин ага козголгон кылмыш иштер боюнча тергөө, иликтөө жүрөрү айтылды.

Дональд Трамп — АКШ тарыхында кылмыш иш козголуп, камакка алынган алгачкы президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM