Биз менен байланышыңыз

Тишти да машыктырып турушубуз керек

Блог | 28 Мар 2023 | 379 | 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун хирургиялык стаматология, ортопедия жана ортодонтия боюнча профессордук циклдин жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Амантур Мурзалиев «Мединфо» программасына тишке кам көрүү жана алдын алуу ыкмалары тууралуу айтып берди.

Тишке кам көрүү

Тиш – адамдын көркү: тамак жегенде чоң функцияны аткарат; ооз көңдөйүбүздү жана астыңкы, үстүңкү жаагыбызды кармап турат. Тишибизди бекем сактоо үчүн профилактиканы жакшы алып барышыбыз керек. Эң биринчи эле бала күтүп жаткан эненин тиши жакшы болушу шарт. Себеби баланын тиши энеден көз каранды. Баланын сүт тиши болжол менен алты айдан кийин чыга баштайт. Ошол убактан тарта ар бир чыгып жаткан тишине жакшылап көңүл буруу зарыл. Бизде көпчүлүк ата-эне «сүт тиштен кийин кадимки тиш чыгат» деп көңүл бурбай коёт. Балдар 5-6 жашка чыккандан тарта сүт тиште физиологиялык алмашуу болуп, анын ордуна кадимки тиштер 14-15 жашка чейин чыгып, эң акырында акыл азуу 18 жашка чейин чыгат. Ошол аралыкта баланын тишине кам көрүп, туура тазалоону үйрөтүү керек.

Тишти кантип тазалоо керек?

Тишти эртең менен тамактан кийин, кечинде тамактанып бүткөндөн кийин тазалап туруу керек. Учурда ооз чайкай турган нерселер кеңири пайда болгон, ошолор менен тамактан кийин оозду чайкап коюу да жакшы болот. Тишти жууганда үстүнкү тиштерди астына карай, астыңкы тиштерди үстүнө карай жууган туура болот. Андан сырткары сөзсүз түрдө тилди да кошо жууш керек. Себеби бактериялар чогулуп калышы мүмкүн.

Тишти кантип бекемдейбиз?

Азыркы учурда тамак-аштын көпчүлүгү даяр, майдаланып чыкканы үчүн чайнабайбыз. Тишти кармап турган пародонт бекем болбой калды. Себеби экология бузулуп, тамак-ашыбыз даяр болуп чыгып жатат. Булчуңубузду кандай чыңасак, тишти да ошондой машыктыруу керек. Сөөктү тишибиз менен кемирип тазалап же балдар үчүн сабизди жууп жедирсек, жакшы жардам берет.

Кариес эмнеден улам пайда болот?

Биринчиден, тишке кариестин түшүүсү суунун курамындагы фтордун аздыгынан болот. Ал эми көп болуп кетсе, оорулар пайда болот. Ошондуктан муну мамлекет көзөмөлдөп, фторду белгилүү өлчөмдө ичкен сууга кошуп турат. Ал эми дагы бир себеби: тамактануубуздан. Күнүмдүк тамактануубузга жер-жемиштерди кошуп, анын ичинде кальцийге көбүрөөк басым жасашыбыз керек. Кальций быштак, сүт жана айранда көбүрөөк болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM