Британиялык The Economist журналы Орусия менен тыгыз мамиледе болгон геосаясий өнөктөштөрүнүн индексин жарыялады. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө болгон Кыргызстан Орусия менен саясий, тарыхый жана географиялык жактан байланышы бар өлкө катары бул тизмеде үчүнчү орунда турат. Андан кийин Иран, Тажикстан жана Казакстан турса, Өзбекстан индексте акыркы орунду ээлеген. «Путиндин досторунун индексинде» Кыргызстандын үчүнчү орунда турушу бүгүнкү геосаясий кырдаалда кандай таасир этет? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Британиянын The Economist журналы Орусия менен тыгыз мамиледе болгон «Путиндин досторунун индексин» жарыялады. Анда Кыргызстан Орусия менен «дос өлкө» катары тизмеде үчүнчү орунда турат.
Февраль айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: «Батыштын Орусияны изоляциялоо пландары ишке ашпай калды», — деп билдирген. Ал белгилегендей, Орусия бул концепциянын кеңири маанисинде дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери: Евразиянын, Азия-Тынч океан аймагынын, Жакынкы Чыгыштын, Африканын, Латын Америкасынын мамлекеттери менен коңшулук мамилелерди бекемдейт.
ЖККУга мүчө болгон Кыргызстан Орусия менен саясий, тарыхый жана географиялык жактан байланышы бар өлкө катары эсептелет.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму — Орусиянын демилгеси менен 1992-жылы Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий бирикме. Ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп кирген. Келишимге ылайык, кол койгон тараптар ички-тышкы пикир келишпестиктерди тынч жол менен чечүүгө милдеттенме алышкан.
Келишим боюнча тыштан кол салуу болгон учурда бири-бирине жардамга келүүгө милдеттүү. Ошого карабастан, ЖККУнун бир да мүчөсү Орусиянын Украина менен болгон согушунда аскердик жардам берип колдогон жок, бирок Беларусь өз аймагын аскердик база катары колдонууга уруксат берген. Бул мамлекеттердин кээ бирлери ал тургай согуштан алыс болууга аракет кылып жатышат.
Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Кыргызстан аргасыздан гана Орусия менен дос болуп келе жатканын белгилейт.
«Биз Кыргызстан нейтралдуу позициядабыз, бирок Орусиянын кандайдыр бир суранычтарын четке какпай, аткарып жатабыз. Бул жерде Кыргызстанды Орусия менен айласыз дос деп айтсак болот да. «Кыргызстанда төңкөрүш кылып жиберет» деген коркуудан улам айласыздан Орусия менен дос болуп келүүдө. Өзгөчө Путин бийликке келгенден бери. Анткени 2010-жылдагы төңкөрүштө орустардын колу болгон деген версиялар бар. Ошондуктан биз коркконубуздан дос болуп жатабыз. Экинчи жагын карай турган болсок, эгерде Орусия Украинадан утулса, анда кийин биз Украина бийлигинин бетин кантип карайбыз? Казакстандай болуп Украинаны колдогон жокпуз. Казакстандын лидери Токаев кандай болсо да, гуманитардык жардам берип колдоо көрсөтүп жатты. Ошондуктан кийин согуш бүткөндө Батыш жеңеби, жеңбейби, тең карашыбыз керек. Нейтралдуу болгондон кийин толук нейтралдуу болуу керек».
Орусия менен тыгыз мамиленин башка өлкөлөр менен болгон алакага кандай таасир тийгизери тууралуу тышкы саясат жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул буларга токтолду:
«Бизде «саясий батыш» деп коёт. Ошол блокко жалаң гана батыш өлкөлөрү эмес, Япония да кирет. Ал өлкөлөр менен мамилелер терс жагына өнүгүшү мүмкүн. Анткени бул согуш бүтсө, дүйнө өлкөлөрү «Орусияны колдогон» же «Орусияга каршы чыккан» деген блокторго бөлүнүп калат. Ошол жагынан Орусияга өтө катуу каршы турган мамлекеттер менен алака анча жакшы болбойт. Анын ичинде Америка Кошмо Штаттары менен да, Европа өлкөлөрү менен да. Бирок ошол эле замат «глобальный югга» кирген мамлекеттер Иран, Кытай, Түркия, Индия өзүнүн позициясын так көрсөткөн жок. Анткени алар Батышты да, Орусияны да колдогусу келбейт. Андай өлкөлөр менен азыр геосаясий кайра куруу мезгилинде мамилени жаңыча түзүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат. Албетте, тобокелчилик да бар. Эң негизгиси, ачык коом, демократия деген батыштын моделинен алыстап кетишибиз мүмкүн. Демократиялык нукта өнүккөн Азия мамлекеттеринен алысташыбыз мүмкүн. Жалпысынан жарандык коомдун активдүү болуусун колдоого келген акча да азайышы мүмкүн».
Президентке караштуу стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун илимий кызматкери Нуржан Жолчубек уулу Кыргызстан эгемендик алгандан бери экономикалык, саясий жана дипломатиялык жактан түздөн-түз байланышта экенин, ага карабастан эл аралык мамилелерде көп вектордуулукту тандоо керектигин белгиледи.
«Биз 30 жылдан берки эгемендигибизде Орусия менен түздөн-түз тыгыз байланыштабыз. Ага карабастан Кыргызстан өз кызыкчылыгын көздөп, башка мамилекеттер менен экономикалык, дипломатиялык алаканы күчөтүшү керек. Ошол эле учурда Орусия менен да мамилени үзбөшүбүз керек».
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан эң көп Орусиядан аскердик жардам алып келет. Буга чейин АКШдан да аскердик-техникалык жардам көрсөтүлгөн. Акыркы убакта Түркия да кол сунуп, былтыр «Байрактар» учкучсуз учагын жардам катары берген. Кыргызстан мүчө болгон коопсуздук боюнча эң ири уюм – ЖККУ.