Биз менен байланышыңыз

Ханзада Уильям Польшанын Украина менен чек арага жакын жердеги аскер контингентине барды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 275 | 0

Британ ханзадасы Уильям күтүүсүздөн Польшадагы Украина менен чек арага жакын жайгашкан аскердик базага барып, ал жердеги британ жана поляк аскерлер менен жолугушту. Бул тууралуу BBC орус кызматы жазды.

Ал журналисттерге британ аскерлерине күнүмдүк иши үчүн жеке ыраазычылык билдиргиси келгенин айтты.

«Мен өзүм келип, күн сайын жасап жаткан ишиңер үчүн рахмат айткым келди», — деди ханзаада аскерлерге кайрылып.

Уильямдын Польшанын түштүк-чыгышындагы британиялык аскер контингенти жайгашкан Жешув шаарына сапары ал аскерий базадан чыгып, Варшавага кайтып келгенге чейин жашыруун сакталып турган.

Жешув Украина чек арасынан бир сааттык аралыкта жана ал жерде жайгашкан британиялык учкучтар америкалык жана польшалык кесиптештери менен бирге Польшанын аба мейкиндигин коргошот.

Ханзада басма сөз өкүлдөрү үчүн билдирүүсүндөПольша элине да ыраазычылык билдирди. Орусия Украинага басып киргенден бери Польша эң көп украин качкындарын кабыл алды. Өлкө бийликтери азыр ал жакта 1,3 миллионго жакын украин жараны калды деп эсептейт.

Бейшемби күнү ханзааданын катышуусунда негизги иш-чаралар пландалууда — Уильям Варшавадагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, президент Анжей Дуда менен жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM