Биз менен байланышыңыз

Казакстанда парламентке өтпөй калган талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 217 | 0

Казакстандын Алматы, Чымкент, Орол жана Караганды шаарларында мажилис менен маслихатка өтпөй калган талапкерлер шайлоонун расмий жыйынтыгына макул болбой, добуш берүү жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти.

Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңысын өткөрүүнү талап кылышууда. Акорда болсо бийликчил партия жеңишке жеткен шайлоону «ири масштабдуу өзгөрүүлөрдүн татыктуу уландысы» деп атады.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо 19-мартта өткөн. Ага көп жылдардан бери биринчи жолу өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер да катышкан. Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтыкты жарыялап, бийликтеги «Аманат» партиясы мажилистеги көпчүлүк орунду алганын билдирди.

Көз карандысыз шайлоочулар шайлоо учурунда бюллетендерди жапырт таштоо, протоколдордун жыйынтыгын бурмалоо учурлары катталганын маалымдашты.

Казак бийлиги байкоочулардын назарын бурган мыйзам бузуулардын айрымдарын мойнуна алып, бирок бул добуш берүүнүн жыйынтыгына олуттуу таасирин тийгизбегенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM