Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Абактагылардын жакындары президентке кайрылуу жасашты

Коом , Саясат | 17 Мар 2023 | 489 | 0

Бүгүн, 17-мартта Горький сейил багында Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары митинге чыгышты. Алар абакта жаткандардын тергөөсүн адилеттүү жүргүзүп берүүнү өтүнүшүп, өлкө башчыга кайрылуу жолдошту.

Журналист, активист Эрлан Бекчоро уулунун эжеси Адила Бекчоро кызынын айтымында, иниси бийликти басып алууга эч кандай аракет кылган эмес. Ошондой эле сот процесстери жабык түрдө өтүп, абактагы журналистти жакындарына жолуктурбай жатат.

«Бийликти басып алууга эч кандай чакырык болгон эмес. Сот далили жок, жабык өтүп жатат. Жубайы кичине балдары менен иштебейт. Баласы бир жарым жашка чыкты, атасын тааныбай калды. Мен Садыр Жапаровдон суранат элем, инимдин күнөөсү жок, чыгарып коюңуздар».

Блогер, жарандык активист Атай Бейшенбектин апасы Роза Калиева уулу Кемпир-Абад боюнча жыйынга катышпаганын, анан кандай жүйө менен абакта отурганына түшүнбөй жатканын айтат.

«Сотко келгенде колун кармап коёюн десем, уруксат бербей жатышат. Эмнеге мынчалыкка барышканын балам деле түшүнбөй жатат. Анткени балам Кемпир-Абад боюнча чогулушка деле барган эмес. Соттун балама, жактоочуга, тергөөчүгө бир суроо берип, ооз ачканын уккан жокмун. Кыздары атасына куса болуп жатышат».

Тынчтык митингине модераторлук кылган жарандык активист Азият Жекшеев эксперттер чыгарган «эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес» деген далил четке кагылып, азыр тергөөчүлөр адистиги башка адамдардын кортундусуна көңүл буруп жатканын айтты.

«Өздөрү даярдаган эксперттер «эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес» деген тыянак чыгаргандан кийин эмнегедир жашыруун өткөрө башташты. Анткени булардын башка амалы калбай калды. Жарандарыбызды чыгарбаштын айласын кылып, өзүм билемдик кылып жатышат. Тергөөчүлөр ал экспертиза менен макул болбостон, башка адистиги жок «адиссөрөйлөргө» кайрылып, өздөрү каалаган жыйынтыкты чыгаруу аракетинде болуп жатышат. Булар эмнеден коркуп жатканын билбейбиз. Себеби булардын жыйынында төңкөрүш кылуу боюнча сөз болгон эмес».

Эске салсак, былтыр октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ошондой эле милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM