Биз менен байланышыңыз

Авитаминоз эмнелерге алып келет?

Блог , Пикирлер | 17 Мар 2023 | 1903 | 0

Бишкек шаардык №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Мира Ибраимова «Мединфо» программасында авитаминоздун белгилери жана алдын алуу ыкмалары тууралуу айтып берди.

Авитаминоз деген эмне?

Авитаминоз — организмге витаминдердин жетишсиздигинен пайда болгон патологиялык абал. Азыктагы витаминдердин аздыгы, ашказандын тамак сиңирүү функциясынын бузулушу, ичеги-карындын витаминдерди аз синтездеши адамды ооруга чалдыктырат. Бир өңчөй тамактануу (көбүнчө рафинделген, кургатылган, консерваланган азыктарды дамамат жегенден келип чыгат), азыкта углевод көп болуп, белок, майдын аз болуусу, жер-жемиштерди таптакыр колдонбоо да бул дартты чакыруучу белги болот. Ошондой эле азыкты эрежеге ылайык сактабаса же бышырбаса да андагы витаминдер учуп кетип, адамдын организмине зыян алып келет.

Айта кете турган жагдай, организмде көп витаминдин кемчил болушу полиавитаминоз, бир эле витаминдин жетишпестиги гиповитаминоз деп аталат. Гиповитаминоз көбүнчө жаз келгенде байкалат.

Жер-жемиш жегендин эрежесин билүү керек 

Азыркы учурда адамдар дарыгердин кеп-кеңеши жок эле антибиотиктерди, ар кандай дары-дармектерди колдонушат. Бул нерсе организмдеги витаминдерди бузуп, анын синтезин төмөндөтөт. Биз билгендей витаминдердин көпчүлүгү жер-жемиштин курамында көп болот. Ошондуктан аларды кайсы убакта, канча өлчөмдө пайдаланууну билишибиз керек. Себеби курсак ток кезде жемиштин кандай түрүн жебейли, ага чейинки жеген азык менен аралашып, ичибизде газды пайда кылат. Ал эми сүт азыктары менен чогуу жегенде, бат сиңип кетпей, ашказанда тирелип калат. Ошол үчүн жемиштин бир эле түрүн жеген оң. Эгерде эки же үчтөн ашык жемиштин түрүн жей турган болсок, пайдалуу заттарды организм сиңирүүгө жетишпей калат.

Организмде витаминдердин жетишпестиги эмнелерге алып келет?

Авитаминоздун түрлөрү болот. Мисалы, А витамини жетишпегенде караңгыда, күүгүмдө көрүү начарлайт, жарыкты карай албай, тери бозоруп, кургап түлөйт, безетки, ириңдүү жара көп чыгат, чач кургап, өңү өчөт, көз чели сезгенет.

В витамини жетишпегенде тамакка табит жоголуп, кускусу келет, ич катат, арыктайт, булчуңдар бошойт, буту-кол сенейип, эч нерсе сезбей баштайт, бат чарчап, бир аз кыймылдаганда эле энтигип калат.

В9 витамининин жетишсиздиги аз кандуулук, кош бойлууларда баланын майып болушуна себеп болуп калышы мүмкүн.

С витамини жетишпегенде адам адегенде шалдырап, алы кетет, бат чарчайт, уйку басып талыкшыйт, баш айланат (жазга жуук). Андан кийин эрин, кулак, мурун, тырмак көгөрүп, бүйлө канайт, тиш бошоп, түшө баштайт.

Д витамини жетишпегенде балдар алсыз, терчил, чыр болот, тиши кеч чыгат. Чоң кишилер шалдырап, тез чарчайт, тиши карарып бузулат, жамбаш сөөктөрү жана булчуңдары ооруйт.

Авитаминозду кантип аныктаса болот?

Эгерде жогоруда айтылган себептери байкалса, үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылса болот. Ал жерден анализ тапшырып, кайсы витамин канчалык деңгээлде жетишпегенин аныктап, ошого жараша дарыланып баштайт.

Ар бир дарыны дарыгердин көзөмөлүндө ичүү зарыл!

Айрыкча кош бойлуу учурдан баштап туура тамактанып, өзүн сергек алып жүрүү жана өз убагында дарыгердин көзөмөлү менен дарыларын ичүү зарыл. Бала төрөлгөндөн кийин алты ай үзгүлтүксүз эмизип, андан кийин кошумча тамактанууга өтсө болот. Андан сырткары азыркы учурдагы ар кандай витаминдер чыгып жатат. Аларды колдонууда сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүүсү керек. Ал эми витаминди бир жылда эки жолу кайталап (кышында жана жайында) ичип койсо болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM