Биз менен байланышыңыз

Түрк мамлекеттери экономикалык күчкө айлана алабы?

Саясат | 17 Мар 2023 | 826 | 0

Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны Түркиянын Анкара шаарында өттү. Анда «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам» деген темада сөз болуп, табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан кырсыктар, ага жамааттык чара көрүү маселелери талкууланды. Саммиттин аягында уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Уюмдун экономикалык жана саясий келечегине алдыда кененирээк токтолобуз.

Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчылары Анкарага чукул жыйынга чогулушту. Алар буга чейин өткөн жылдын ноябрь айында Өзбекстандын тарыхый шаары Самаркандда жолугушуп, кызматташтыкты тереңдетүү маселесин көтөрүшкөн.

Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны Түркиянын Анкара шаарында 15-16-мартта өттү. Анда «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам» деген теманын айланасында сөз болуп, табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан кырсыктар, ага жамааттык чара көрүү маселелери талкууланды. Саммитте уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Маданияты, тили, тарыхы бир болгон түрк мамлекеттеринин биригип, экономикалык жактан мамилени бекемдөөсүн, бири-бирине инвестиция салуу максатында фонд түзүүсүн түрк мамлекеттеринин алдыга таштаган бир кадамы катары баалады профессор Сулайман Кайыпов.

«Түрк мамлекеттеринин башчыларынын Анкарада жолугуп, кырсыктардан кутулуп, бири-бирин инвестициялоо маселесин да карап, ага атайын фонд түзүп алуусу, бул — аталган мамлекеттердин алдыга шилтеген бир кадамы. Кээде жаман окуялар, кырсыктар айрым маселелердин чечилишине жол көрсөтүп коёт. Ошондуктан Түркияда болгон жер титирөө жалпы адамзатка сабак болду. Биз мындан ары жер титирөөнүн сабагынан экономикабыз, саясатыбыз кандай боло турганын сөзсүз түрдө ойлонушубуз керек. Менимче, түрк өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусу убагында болду жана абдан керек болчу».

Түрк мамлекеттери акыркы убактарда маданий-тарыхый байланыштардан мурда да, экономикалык жана саясий байланыштарды бекемдөөгө басым жасай баштаганы айтылып келет. Түркий мамлекеттердин калкы 150 миллион чамасында, мамлекеттердин баарын кошкондо ээлеген аймактын жалпы аянты 4,5 миллион чарчы километрди түзөт. Жалпы ИДӨ болжол менен 1,5 триллион долларга бааланып, дүйнөлүк экономикада 13-орунду ээлейт.

1993-жылы Ташкентте түрк тилдүү улуттардын бүткүл дүйнөлүк конференциясы өтүп, анда Түркия түрк тилдүү улуттардын экономикалык жактан бирдиктүү иш алып баруу маселесин козгогон. Бирок Орто Азия өлкөлөрү ич ара ынтымагы жогунан жана саясий жактан бул уюмга маани бербей келгендиктен, түрк мамлекеттеринин экономикалык биримдик маселеси бүгүнкү күнгө чейин аксап, жолго коюла элек.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев фондду түзүү жакшы ниет экенин, бирок аны жүзөгө ашыруу механизмдери иштелип чыга электигин белгиледи. Анын айтымында, Түркия Орто Азия өлкөлөрү ар кимиси ар жакка тартканына карабай, башынан эле бириктирип, экономикалык саясат жүргүзүүгө тынбай аракет кылып келет.

«Эгерде түрк тилдүү Орто Азиядагы мусулман өлкөлөрү Түркияны башына коюп, бирдиктүү экономикалык саясат жүргүзсөк, мындан биз эч качан кем болбойбуз. Тескерисинче, азыр Түркия дүйнөдөгү күчтүү державалардын катарына кошулуп келе жатат. Сындагандар албетте көп, бирок чындыгында, бизге ниети түз. Маданий, илимий жана билим системасынын биригишине аракет кылышууда. Бирок биздин өлкөдө чириген ар түрдүү саясатчылар көп болуп жатат. Ошолор башкарып, ошолор маселени чечип кетишүүдө. Андыктан азыркы Түркиянын жолун жолдоп иштеп кетсек, алардын жок дегенде он сөзүнүн эки сөзүн кабыл алып иштесек, түзүлгөн инвестициялык фонддун келечеги болот. Фонд түзүү — болгону жакшы тилек. «Ушундай кылсак болобу?» деген аракеттин башталышы. Фондду жүзөгө ашыруу механизмдери эмгиче иштей элек. Иштете турган механизмдердин эң эле биринчиси катары алар биздин балдарды окутушкан. Азыр да окутууга аракет кылып жатышат. Азырынча «Укмуш таасирдүү болот, күркүрөп кетебиз, Түркиядай болуп, алдыңкы 16 өлкөнүн катарына киребиз» деп айтуу кыйын». 

Түркия менен экономикалык карым-катыштын деңгээли жакшы эле деп бааланат. Экономикалык алаканы дагы да өрүндөтүү үчүн бир канча маселе бар. Анын бири: Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ). Биримдикке киргендиктен Түркиядан товарлар салыштырмалуу кымбатыраак келет. Ошондуктан ушул сыяктуу экономикалык маселелерди чечүү үчүн атайын бир аянтча керек экенин экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров белгилейт.

«Ушуну бир аянтча кылып, экономикалык, социалдык, маданий саясатты башкача жүргүзгөнгө аракет кылуу керек. Бизде ТҮРКСОЙ сыяктуу маданий, гуманитардык, социалдык жактан иш алып барган уюмдар көп, бирок экономикалык иштерге келгенде кандайдыр бир маселелер чыгып калат. Ошондуктан экономикалык маселелерди чече турган аянтчаларды уюштуруп, «Кантип жөнгө салабыз? Кантип алдыга жылсак болот? Бизден экспорттогонго алардын мыйзамдары кандай?» деген суролорду талкуулап, жалаң гана импортту карай бербей, экспорттоонун жолдорун да кароо керек». 

Түрк мамлекеттери уюмунун түзүлүшү — адамзаттын жакынкы тарыхында болуп жаткан жаңы көрүнүш. Акыркы убакта түрк мамлекеттеринин ортосунда жандануу болгону байкалууда. Адегенде бул уюм «Түрк консейи же Түрк кеңеши» деп аталып, 1999-жылы түзүлгөн. Түрк кеңеши өткөн жылы ноябрда Стамбулда өткөн саммиттен кийин Түрк мамлекеттери уюму деп аталып, эл аралык макамын алган. Ага Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан мүчө жана Түркмөнстан менен Венгрия байкоочу катары кирген.

Copyright © 2017 Maral FM