Биз менен байланышыңыз

Жаңы Салык кодексине дагы бир топ өзгөртүү киргизилди

Саясат | 16 Мар 2023 | 527 | 0

Жогорку Кеңеш «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. Президент Садыр Жапаров өткөн жылдын 18-январында жаңы Салык кодексине кол койгон. Коомчулукта кыска мөөнөт ичинде эле кабыл алынган кодексте мүчүлүштүктөр бар экени айтылып, бир канча жолу митинг өткөн. Ошондой эле ККМге байланыштуу нааразычылык акциялары бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Демилгечилердин айтымында, бул жолу коомдук талкуунун жана мамлекеттик органдар менен макулдашуунун жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Салык кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилет жана берилген сунуштар толук кабыл алындыбы? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

2009-жылдын 1-январында кабыл алынган Салык кодекси күчүн жоготуп, өткөн жылдын 28-январынан тарта жаңы Салык кодекси ишке кирген. Бул кодексти кабыл алууда ишкерлердин сунуштары эске алынбаганы айтылып, өзгөртүү киргизүү талабы коюлган.

Демилгечи депутаттардын бири Данияр Төлөновдун айтымында, экинчи окууга карата 50гө жакын депутаттан 200дөн ашык сунуш түшүп, Экономика жана коммерция министрлиги 100дөн ашыгын кабыл алган. Ал эми ишкерлерден 59 сунуш түшүп, 20 сунуш толук, 6 сунуш жарым-жартылай кабыл алынган.

Келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен мыйзам долбоорунун негизги багыттары төмөнкүдөй өзгөргөн:

  1. Баткен жана Ош облустарында куралдуу кагылышта жабыркагандардын салык карыздарын кечүү;
  2. жылдык кирешеси 8 млн сомго чейин болгон, ККМ колдонуу талаптарына жооп берген чакан ишканалар үчүн мөөнөтсүз салык төлөмүнөн бошотуу;
  3. кирешелердин көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү;
  4. бирдиктүү салык өлчөмдөрүн иштин түрлөрү боюнча төмөндөтүү;
  5. коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыкты Бишкек жана Ош шаарларында — 6% накталай формада, 4% накталай эмес формада, калган аймактарда — 4% накталай формада, 2% накталай эмес формада алуу;
  6. бирдиктүү салык субъектилери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн төмөндөтүү;
  7. 2024-жылдын 1-январына чейин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн эсептик катттоодон өтүү мөөнөтүн узартуу;
  8. кассалык чектерди бербөө боюнча талаптарды бузганы үчүн айып пулдун өлчөмүн кыскартуу;
  9. салыктык укук бузуулар үчүн айыптар 30 күндүн ичинде төлөнгөн учурда айыптын өлчөмүн 70%га азайтуу;
  10. аудитордук уюмдар тарабынан аудит жүргүзүүнүн аутсорингге берүү эрежелерин алып салуу;
  11. мигранттардын дивиденддерин киреше салыгынан бошотуу;
  12. 16 жашка чейин жарандарды киреше салыгынан бошотуу;
  13. жылдык жүгүртүүсү 100 млн сомго чейин базарларда иштеген жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын өлчөмүн 0,5 %дан 0,1%га чейин төмөндөтүү.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Салык кодексинин негизги максаты көмүскө экономикадан чыгаруу жана фискалдык реформа жүргүзүү экендигин белгилеп, ишкерлерге кыйынчылык жаратпай турганын айтты.

«Негизинен, ушул мыйзам менен ишкерлерге коюлган айып пулдардын мөөнөтүн узартуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Биринчи этапта түшүндүрмө берүү, экинчи этапта 50%дык айып пул, ага да баш ийбесе, анда толук түрдө айып пул салуу. Андан сырткары азыр кэшбек кирет. Ал накталай акча түрүндө. Жүргүзгөн соодасынын белгилүү бир пайызы кайра эле өзүнө которулуп турат. Анын үстүнө азыр иштер жүрүп жатат, ушул жылдын биринчи жарымында ишке кирип калат».

Депутат Акбөкөн Таштанбеков салык салууну көбөйтүү менен жарандар арак, тамекини бекитип, бензинди жол бойлоп сатып калганын мисал келтирди.

«Жакында мен бир айылдагы окуяга күбө болдум. Дүкөндө арак-тамеки сатпайт, бирок сурагандарга үйүнөн алып чыгып берип жатат. Биз ошондо кайра эле 1990-жылдарга келип жатат окшойбуз. Тамеки менен аракты акциз салыгынан качып эле полго бекитип сатып жатышат. Район, аймактардагы дүкөндөрдө тамеки да, арак да жок, бирок сатылып жатат. Жол бойлой туруп алып, бензин саткандардан кутулдук эле, азыр кайра жолдорго чыгып контрабандалык жол менен бензин саткандар көбөйдү». 

Жаңы Салык кодексинде банк купуялуулугу сакталбай турганы айтылып, ишкерлер ага тынчсызданууларын билдиришкен. Банктар Мамлекеттик салык кызматынын суроо-талабы боюнча үч күн аралыгында салык төлөөчүнүн эсеби жана операциялары боюнча маалымат бериши керектиги жазылган. Данияр Амангелдиев жаңы Салык кодексинде банктык купуялуулук боюнча ишкерлер менен орток пикирге келгенин бергиледи.

«Жаңы редакцияда «маалыматты системага киргизбей, өтүнмөнүн негизинде гана берет» деген пункт киргизилген. Бул чоң жетишкендик жана ортого келген бир позиция. Улуттук банк да өзүнүн тыянагын чыгарып, макулдугун берген. Андан тышкары банктардын ассосациясынын жетекчиси да ой-пикирин айткан. Ушул редакцияга макулдугун берген».

Жаңы Салык кодексинде болгону эки гана салык режими киргизилген: жеңилдетилген — чакан жана орто бизнес үчүн; жалпы — ири ишканалар үчүн. Чакан бизнес — кирешеси жылына 8 млн сомго чейин, орто бизнес — 8 миллиондон 30 миллион сомго чейин, ири бизнес — 30 млн сомдон жогору.

Данияр Амангелдиев кошумчалагандай, мыйзам долбоору көзөмөл-кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди салыктарды төлөөдөн бошотууну карайт.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын бириктирилген долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды. Ошондой эле депутат Марлен Маматалиевдин ЭТТН боюнча ишкерлерге айыптарды бир жылдык мөөнөткө колдонбой туруу сунушу колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM