Биз менен байланышыңыз

Жаш аскер кызматкерлеринин келишимин он жылга узартуу сунушталды

Саясат | 15 Мар 2023 | 515 | 0

Жогорку Кеңештин 15-марттагы жыйынында аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн иретке келтирүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Долбоордо аскердик окуу жайды аяктаган адистердин келишимдик негизде кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталган. Жыйында ошондой эле депутаттар аскердик кызмат өтөөгө байланышкан негизи көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Парламенттин шаршембидеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн иретке келтирүү максат кылынганы белгиленди.

Жыйында баяндама жасаган коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартовдун айтымында, долбоор Куралдуу күчтөрдү реформалоо үчүн укук колдонуу тажрыйбасын эске алып, аскердик кызмат өтөө мөөнөттөрүн тартипке келтирүү максатын көздөйт. Тагыраагы, аскердик окуу жайды аяктаган адистердин келишимдик негизде кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын жетекчисине белгиленген мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берүү сунушталууда.

«Колдонуудагы мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, жарандар аскердик окуу жайын бүткөндөн кийин 5 жылга келишим түзөт. Биз мына ошол келишимди 10 жылга узартуу боюнча сунуш берип жатабыз. Себеби жаңы бүтүп келген кадрлар токтобостон кетип калышууда».

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев жарандардын аскердик кызмат өтөөсү милдеттүү болгонуна карабай, каттоого өз каалоосу менен келе тургандай жагдай жаратуу керектигин айтты.

Депутат Надира Нарматова Кыргызстанда негизинен туруктуу жашаган 120дан ашуун улуттун өкүлү барын, бирок башка улуттагылар көбүнчө альтернативдик кызмат өтөөнү тандап алышарын, аскерге 95% кыргыз жигиттер барарын белгиледи.

«Башмыйзам боюнча кайсы улуттан экенине карабай, мамлекет алдында милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөшү керек. Көп учурда улуттук азчылыктар альтернативдик кызмат өтөөнү тандап алышат. Алардын мындай жасап жаткандары одоно ката. Кечээ Баткендеги согушта көрдүңүздөр, ким мамлекет үчүн жанын курман кылып жатканын. Ошондуктан ушул маселеде жок дегенде аскердик кызмат  үчүн төлөй турган сумманы көбөйтсөңүздөр».

Кыргызстанда аскер институтунда бир курсантты 4 жыл даярдоого 800 миңге жакын сом сарпталат. Андан сырткары 12 өлкөдө келишимдин негизинде окуудан өткөрүлөт.

Аскерде келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткандардын айлыгы 35-40 миң сомдон башталып, пенсияларын кошкондо 50 миң сомдон ашат.

Депутат Аманкан Кенжебаев аскердик окуу жайды аяктагандардын контракт боюнча кызмат өтөө мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу аларды кармап калууга кепилдик бербей турганын белгиледи. Анын айтымында, кетип калуусуна бир канча себептер болушу мүмкүн.

«Мен бул мыйзамды бир аз туура эмес көрүп жатам. «Он жылга узартып койсо кетпейт» дегениңер туура эмес, ага кепилдик жок. Кеткендердин бир канча себептери бар. Балким айлык акылары жетпей жаткандыр. Аны мыйзамдын негизинде милдеттүү кылуу канчалык туура? Аларды мыйзамга такап кармап туруу туурабы?»

Ал эми депутат Камила Талиева аскерге мажбур эмес, сыймыктануу менен бара тургандай жагдай жаратуу керектигин, армияны каржылоо канчалык өссө, андагы абал ошончолук жакшыра турганын белгиледи.

Жыйынтыгында сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM