Бүгүн, 14-мартта «Санариптештирүүнү өнүктүрүүдөгү Жогорку Кеңештин ролу» темасында форум өттү. Анда Санариптик өнүктүрүү министрлиги бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу максатында бир канча ченемдик-укуктук актыларды кабыл алганы белгилүү болду.
Форумдун алкагында өлкөдөгү санариптештирүү тармагында аткарылган иштер, көйгөйлөр жана маселелер талкууланды.
Мамлекеттин санариптештирүү жаатындагы реформаларын жана иштерин алдыга жылдырууга депутаттар салым кошушу керек. Эл өкүлдөрү колдоп берсе, санариптешүү тармагында бир топ ийгиликтерди жаратууга болорун санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирип, мыйзамдардагы жана ченемдик-укуктук актылардагы мүчүлүштүктөргө токтолду.
«Бүгүнкү күндөгү мыйзамдарды, ченемдик-укуктук актыларды карап көрсөк, баары бири-бирине кайчылашкан болуп жатат. Бизге жылына 95-96 иш-чара өткөрүүгө тапшырма берилет, аны ишке ашыруу керек. Ал эми мыйзамдар ошол иш-чараларды өткөрүүгө карама-каршы келип жатат. Ошондуктан Санарип министрлиги азыркы тапта санариптештирүү боюнча жаңы кодекстин үстүнөн иш алып барууда. Жогорку Кеңеш, депутаттар, бул багытта бизге колдоо көрсөтүп берет деген ишеничтебиз».
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдөгү бардык тармакта санариптештирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.
Ал «Инфодокс» документ жүгүртүүнү автоматташтыруу, документтерди электрондук форматка өткөрүү системасы Жогорку Кеңеште иштеп жатканын айтып, парламенттин системасы толук кандуу санариптештирүүгө өтүп, иштин баары ачык-айкын болушун каалады.
«Мисалы, санариптештирүү билим берүүдө: электрондук окуу куралдарда, онлайн-курстарда; саламаттык сактоодо: медициналык анализ алууда жана алардын сакталышын камсыз кылууда жана башка көптөгөн тармактарда колдонулууда.
Жогорку Кеңеште документтерди жүгүртүүнүн электрондук системасы 2012-жылы иштелип чыгып, улам жаңылануу, жакшыртуулар менен иштеп келет. Документтер санариптик түрдө берилишинин аркасында система документтерди жүгүртүүнү алда канча натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет».
Жогорку Кеңеште санариптештирүү багытында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын ичинен февраль айында Жогорку Кеңештин төрагасы жетектеген парламенттик делегациянын Кореяга болгон расмий иш сапарынын алкагында парламент менен KOICA уюму ортосунда 8,4 млн долларлык «2023-2027-жылдарга КР ЖКнын санариптештирүү жөнүндө» протоколуна расмий кол коюлганы белгиленди.
Ал эми парламенттин депутаты Фарходбек Алимжанов санарип мыйзамдар, системалар иштелип чыкканы менен алардын аткарылышы, жүзөгө ашуусу чабал болуп, карапайым калк дагы эле кадимки документ, маалымкаттарды алууда кыйналып жатканын белгилейт.
«XXI кылымда баарыбыз санариптешүү заманында жашагыбыз келет. Эсептер, документтер телефондо эле болсо жакшы эмеспи. Ушул боюнча иштер алып барылууда, бирок анын баарын аткарууга келгенде бир топ маселе, суроо жаралат. Кемчиликтер, даттануулар көп болуп жатат. Биздин мыйзамдар «паровоздон да алдыга озуп кеткендей» жазылган. Албетте, бул аракеттер токтобошу керек, мындан ары да уланып, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө керек».
Форумдун алкагында Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун ишиндеги оң жылыштар белгиленип, аймактык КТБлардын ишин дагы да жакшыртуу зарылдыгы айтылды.
Бүгүнкү иш-чара жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган пайдалуу сунуштарды алып, аларды мыйзамдарды жакшыртуу үчүн колдонуу максатында уюштурулган.
БУУнун рейтингине ылайык, электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли боюнча Кыргызстан 193 өлкөнүн ичинен 81-орунду ээледи. Бул рейтингде болгон мезгилдеги өлкөнүн эң мыкты көрсөткүчү экени айтылды.