Бишкекке беш жылдыздуу мейманкана жана мечит кура турган инвесторлордун арасында бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын пайда болушу коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ал тууралуу президент Садыр Жапаров да комментарий берип, Абдукадырдын кылмыш иши жок экенин, издөөдө эместигин, Кыргызстанга акча киргизүүчүлөрдүн баарын кол чаап тосуп ала турганын айткан. Бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын ысымы бажы тармагындагы коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Инвестордун ким экендиги канчалык маанилүү, шек жараткан адамдын инвестор болуусу коопсуздукка шек келтирбейби? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Президент Садыр Жапаров Бишкекке беш жылдыздуу мейманкана жана мечит кура турган инвесторлордун арасында бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын пайда болушу тууралуу «Кабар» улуттук агенттигине комментарий берди. Анда ал дүйнөлүк бренддерди Кыргызстанга чакырып жатканын, бийлик беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер берип, салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошоторун, келген инвесторлордун арасында Хабибулла Абдукадырдын болгонун айткан.
«Кыскасы, Бишкекке баш-аягы 1,5 млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман? Ал эми мурдагы президенттер менен кандай мамиледе болгону мени кызыктырбайт. Эң негизгиси, кылмыш иши жок болсо, издөөдө жок болсо болду. Мага Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, «келгиле, ар кайсы тармакка акча салгыла» деп баарын чакырам. Кол чаап тосуп алам. Интригадан башы чыкпаган журналисттердин же саналуу адамдардын сын-пикирлеринен коркпойм. Эң негизгиси, жаман иш жасап, коррупцияга аралашып кетпесем болдубу? Жалпы эл, Кудай баарын көрүп турат».
Бизнесмен Хабибулла Абдукадырдын ысымы бажы тармагындагы коррупция жөнүндөгү журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Ал бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун өнөктөшү деген кептер тараган. Абдукадыр 2017-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында да отурган.
Өлкөгө ким келсе эле «курдура берсин» деген түшүнүктүн түбү жаман болот жана улуттук коопсуздук үчүн кооптуу дейт журналист Канышай Мамыркулова.
«Мамлекет, мамлекеттик түзүлүш деген түшүнүктөр бар. Инвестордун ким экени абдан маанилүү. «Акчасы барлар кире берсин» десек, мунун аркасынан кимдер келе турганы белгисиз. Бул — улуттук коопсуздукка таасир бере турган окуя. Ал сырттан келген жаран, анын акыркы 2-3 жылдык тарыхын баары жакшы билет. Ага карата жакшы сөз айтылган эмес. Анан ошондой коррупцияга шектелген адамдарды киргизе берсек, арты жакшы болбойт».
Өлкөгө кандай инвестор келбесин, акчасынын кандай жол менен табылганына жана анын арты менен өлкөнүн аброюна шек жаратып-жаратпаганына өзгөчө көңүл буруларын экс-премьер-министр Токон Мамытов белгилеп, тиешелүү министрликтер тыкыр иликтеп, андан кийин гана курулуштарды курууга уруксат бергендир деген ишеничте.
«Кыргызстанга инвестор болом дегендерди президент да, өкмөт башчы да өздөрү кабыл албайт. Тиешелүү министрликтерге тапшырма берет. Тиешелүү органдар, министрликтер өздөрү дыкат карап чыгып, анан чечим кабыл алышат. Алар да президентке сунуштоодон мурда он жолу ойлонушат. Менимче, алар деле баарын ойлонуп туруп, анан чечим кабыл алса керек. Анын үстүнө «бул киши бир туруп Кытайдын жараны, бир туруп Түркияда, бир туруп Дубайда экен» деген маалыматтар чыгып жаткан. Кандайдыр бир шектүү иштер болсо, анда эч качан президентке сунушташмак эмес. Бул киши азыркы президент менен эле эмес, мурдагы бүт премьер-министрлер менен, президенттер менен иштеп келген. Бүт президенттер менен жакын болуп келген өтө белгилүү инсан Кыргызстандын гана эмес, коңшу мамлекеттердин президенттери менен да байланышта болгон адам. Коңшу өлкөлөргө да көп инвестиция кылган адам. Ошондуктан кыргыз өкмөтү ошолордун баарын эске алып, бул киши алдабайт деген мааниде чечим кабыл алса керек».
Коомдук ишмер Сейтек Качкынбайдын айтымында, кээде өлкөнүн өнүгүүсү үчүн инвестордун ким экенине карабай киргизип жаткан учурлар бар. Бирок эң жакшысы, өнүккөн өлкөлөрдөн ишенимдүү инвесторлордун келүүсү.
«Түштүк Кореядан, Япониядан, Америкадан, Германиядан, Англиядан инвесторлор агып келип, ушул жерге отурукташып баштаса, чымчыктар да бир өлкөдөн бир өлкөгө учуп келип, отурукташып башташат го, ошол сыяктуу туруктуу тендецияны байкаганыбызда, «өлкөбүз авторитардык болгону менен бизнеске жагымдуу шарт түзүлүптүр» деп айта алмакпыз. Биздеги абал инвесторлорду тарта тургандай өзгөрдү деп айта албайм».
Эксперттер инвесторлорду өлкөгө тартуу үчүн соттордун адилеттүүлүгү жана көз карандысыздыгы менен мүлктүн кол тийбестиги башкы орунда экенин айтып келишет. Дүйнөдөгү белгилүү Freedom House уюму 2023-жылы Кыргызстанды үчүнчү жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизди. Бул уюмдун Кыргызстанга берген баасы, донор өлкөлөргө, эл аралык каржы уюмдарына жана инвесторлорго чоң сигнал боло турганы айтылууда.