Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Мар 2023 | 216 | 0

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Тараптар уюмдун учурдагы практикалык ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде Коопсуздук кеңештеринин Катчыларынын комитетинде мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы, 2023-жылга пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышын талкуулашты.

Ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле учурдагы жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп кайтаруу контекстинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду.

Марат Иманкулов Кыргызстан ЖККУнун дараметин жана кадыр-баркын бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM