10-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпинь үчүнчү мөөнөткө кайра шайланды. Аны Эл өкүлдөр палатасынын депутаттары бир добуштан колдоду. Кытайдагы өлкө лидерин шайлоо бүгүн таң эрте өтүп, добуш берүү жашыруун жүргөн. Шайлоого 2952 депутат катышты.
Муну менен Цзинпинь үчүнчү мөөнөткө шайланган алгачкы Кытай лидери болуп калды. Буга чейин Кытайдын Башмыйзамы боюнча төрага эки мөөнөткө гана шайланып келген.
70 жашын белгилөө алдында турган Цзинпинь 2012-жылы бийликке келген. 2018-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган.
Кыргызстан менен Кытайдын алакасы кандай уланат, талдоочулар ой бөлүштү.
Кытайдын Коммунисттик партиясы 2021-жылы ноябрда Цзинпиндин макамын жогорулаткан резолюцияны жактырган. Ага ылайык, азыркы төраганын макамы өлкөнүн тарыхый ишмерлери Мао Цзэдун жана Дэн Сяопинге теңелген. Расмий документте Кытайдын учурдагы лидери «эң башкы новатор» деп аталган.
Кытайдын Конституциясына 2018-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин башкатчысынын башкаруу мөөнөтү чектелбейт.
Цзинпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Анын бийлигинин тушунда Шинжаңда, Тибетте жана Гонконгдо саясий, диний жана этностук мүнөздөгү куугунтук менен репрессия күчөгөнү тууралуу доомат-сындар көбөйгөн.
Анын үчүнчү ирет бийлик башында калышы дүйнөгө кандай таасир этери туурасында эл аралык мамилелер боюнча серепчи Руслан Жалил ой бөлүштү.
«Си Цзинпинь буга чейинки мөөнөтүндө Кытайдын коопсуздугун сактап калуу жана пандемиядан кийин туруктуу өнүгүүсү үчүн ролу чоң болду. Ошондуктан Кытайдын эли үчүн бул маанилүү кадам болду. Ал эми Кыргызстан чакан мамлекет болгондуктан чоң деле таасир ала албайбыз. Бирок мурдагы түзүлгөн байланыштар менен эки өлкөнүн ортосундагы жылуу мамилелер сакталат».
Кыргызстандын соода өнөктөштөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлеген Кытай 2020-жылы Орусия менен Казакстандан кийинки сапка түшүп калган. 2021-жылы экономикалык мамилелер кайра кызыганда товар жеткирүү көлөмү эки эсе өскөн, бирок ошондо деле Орусиядан кыйла артта калган.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эсен Өмүракун Си Цзинпиндин кайра шайланышы, анын саясаты Кыргызстан үчүн позитивдүү маанайда таасир этет деген ойдо. Мында кыргыз бийлиги Орусияга ооп кетпей, Кытай менен да алаканы өнүктүрүүнү унутта калтырбашы керектигин белгиледи.
«Си Цзинпиндин саясаты бизге позитивидүү өңүттө таасир этет. Себеби муну көп адам күтүп жатат. Жакшы мамилелелерди аягына чейин сактап калуу зарыл. Андан кийин «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу эл аралык стандартта же орусиялык стандартта болору маанилүү орунда турат. Эгер Орусиянын стандартында болуп калса, анда Кыргызстанга кире берген жерде жүктөрдү кайра эл аралык жагы менен өткөрүү маселеси жаралып калат».
Кытайдын Кыргызстанга тийгизген таасири эгемендик жылдары кайсы бир даражада кооптуу мүнөзгө ээ болууда. Бээжин Кыргызстандын дээрлик бардык олуттуу долбоорун каржылап, Бишкектин башкы насаачысы болуп калды. Кантсе да мындан ары да кыргыз-кытай алакасы туруктуу өнүгөрүн эл аралык маселелер боюнча адис Айбек Теңизбаев билдирди.
«Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамиле туруктуу өнүгөт деген ойдомун. Эки өлкө ортосунда долбоорлорду ишке ашырууга көрүлүп жаткан аракеттер, алсак, темир жол долбоору ишке ашып, эки өлкөнүн алакасын чыңдайт».
Былтыр январь айында дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 30 жыл толгонуна байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жолдогон куттуктоо катында Кытайдын төрагасы эки өлкөнүн кош тараптуу байланышы стратегиялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлүп, «дүйнө коому үчүн мамлекеттер аралык мамилелерди жүргүзүүнүн үлгүсү» болуп калганын жазган.
Ал кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүүсү эки тарапка эле пайда келтирбестен, Борбор Азиядагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого да салым кошорун белгилеген.
Кыргызстан Кытай менен дипломатиялык алакасын 1992-жылы 5-январда түзгөн. 2013-жылы эки өлкө стратегиялык өнөктөш мамиле курууга өткөн.