Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандан Кыргызстанга селитра алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Мар 2023 | 291 | 0

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, 8-март күнү Ж.А.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды.

Ал «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын текшерүү учурунда унаанын ичинен Өзбекстанда өндүрүлгөн минералдык жер семирткич түрүндөгү7 тонна селитра документтери жок жүк табылган.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жүктөрү менен унаа токтотуучу жайга, сактоого коюлду. Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM