Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек мамилесин бекемдөө аракеттери

Саясат | 10 Мар 2023 | 185 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен үч күндүк жумушчу сапарына барды. Анын жүрүшүндө Өзбекстандын ар кайсы аймагында жайгашкан бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышып, кыргыз-өзбек мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо боюнча өлкө лидери жана жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарында кызматташуу боюнча 20дан ашык документке кол коюлуп, чек ара маселеси толук чечилген. Кыргыз-өзбек мамилесин бекемдөөгө болгон аракеттерге алдыда кененирээк токтолобуз.

Кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыт боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өзбек тараптын чакыруусу менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үч күндүк жумушчу сапарга барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы 30 жылдын ичинде эки республиканын ортосунда бир туугандык, өз ара түшүнүшүү жана колдоо көрсөтүү маанайында кыргыз-өзбек мамилелерин кеңейтүү жана чыңдоо боюнча бир топ иштер аткарылганын белгиледи.

Бул жаатта Акылбек Жапаров эки өлкөнүн экономикасы жакынкы келечекте тышкы соодадагы 2 млрд доллар көлөмүндөгү чекти басып өтүү үчүн жетиштүү потенциалга ээ экенин баса белгиледи.

«Бул максатка цементти, көмүрдү, түстүү металлдарды, айыл чарба жана текстиль продукцияларын, химиялык жер семирткичтерди, тиричилик жана коммерциялык жабдууларды, фармакологиялык дармектерди өз ара жеткирүүлөрдү көбөйтүү аркылуу жетишүүгө болот».

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында кыргыз-өзбек президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгынын негизинде Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Анын алкагында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан Fazman Textile деңгээлине туура келген текстиль ишканасынын курулушуна 16 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт, ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода алака эки өлкөгө тең пайдалуу. Анткени Кыргызстан тоо кен байлыктарын, айнек, көмүр, картошка, алма сыяктуу товарларды сатса, Өзбекстандан Кыргызстанга эрте бышкан жашылча-жемиштер,  пластмассалык буюмдар, үй-тиричилик техникалары, кездемелер келет.

Өзбекстан жогорку технологиялык товарларды өндүрүүдө коңшу жайгашкан өлкөлөрдөн бир топ алдыда турат. Өзбекстан менен экономикалык жана саясий алаканы бекемдөөдө эмнелерди эске алуу керектигине экономика министринин мурунку орун басары  Эльдар Абакиров мындайча токтолду.

«Бир нерсени эске алуу керек, акыркы эки жылда инвестициялык климат жагынан, өзүн дүйнөгө таанытуу жагынан, инвесторлорду тартуу жагынан Өзбекстан Орто Азияда алдыда бара жатат. Кыргызстанга келе турган инвесторлор Өзбекстанга кетип калган учурлар көп. Ошол жагын биз тереңирээк ойлонуп, жогорку технологиядагы инвесторлор бизге келүүсү үчүн катуураак иштешибиз керек. Бул жерде чыныгы мүлккө кол тийбестик болушу керек, адилеттүү сот системасы болушу керек. Коррупцияны жок кылууну ишке ашырсак, ошондо гана инвесторлорду өзүбүзгө тартканга «шанс» болот. Биздин региондо инвестор үчүн атаандаштык бар».

Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча 15тен ашуун документке кол коюлду. Анда Ташкент шаарында Made in Kyrgyzstan жана Бишкек шаарында Made in Uzbekistan дүң жана чекене соода жүгүртүү боюнча соода борборлорун түзүү жөнүндө Жол картасына кол коюлду. Ошондой эле эки өлкөнүн жеке ишкерлеринин ортосунда фармацевтикалык өндүрүштү түзүү, эмеректерди жана желим куурларды, пластмасса буюмдарын чыгаруу боюнча биргелешкен заводду түзүү боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Мамлекеттин коопсуз өнүгүүсү үчүн эң туура жол — коңшу өлкө менен жакшы алакада болуу. Анын үстүнө Өзбекстан тили жана маданияты жагынан жакын болуп, бир тууган эл. Жамааттык коргонуу деген түшүнүк — коңшу өлкөлөрдүн биргелешип тышкы чабуулдардан коргонуусу. Коңшулар ортосунда алака канчалык бекем болсо, анча-мынча кыр көрсөткөн өлкөлөр тыйылып кала турганын коомдук ишмер Шайырбек Маматокторов айтат.

«Алыстагы өлкөлөр менен жамаатык коргонуу максатында уюмдарга кирдик эле, алардан эч кандай пайда көрбөдүк. Ага караганда коңшу өлкөлөр менен соода, коопсуздук жагынан мамилени бекемдөө керек. Мына Өзбекстандын чек арасына өткөрмө бекеттерден 10 мөөнөткө жетпеген убакытта кирип кетесиз. Бир туугандык мамиле сезилет. Бул жак менен чек ара маселеси чечилди, эми бир гана Тажикстан менен калат. Ошондуктан Өзбекстан менен канчалык жакын болгонубуз, экономикалык жактан, аскердик жактан канчалык кызматташканыбыз маанилүү. Ошондой эле Казакстан, Түркия, Азербайжан менен тыгыз байланышта болсок, анча-мынча бизге кыр көрсөткөн тараптар тыйылып калат. Булар бизге жакын эл, канча жылдан бери коңшу болуп жашап келе жатабыз. Бийлик алмашканына карабай, бул өлкөлөр менен принципиалдуу түрдө жакын болушубуз керек».

Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги мааракелик жыл өтөт. 16-февралда дипломатиялык алака орнотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленген. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоо жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM