Биз менен байланышыңыз

Грузиядагы башаламандык: Кыргыз бийлиги кандай сабак алышы керек?

Дүйнө , Саясат | 9 Мар 2023 | 601 | 0

Грузияда «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары үч күнгө созулду. 7-мартта башталган акция 8-мартта да уланып, демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылышканда полиция жаш агызуучу газ, суу чачып тараткан.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили өлкө жетекчилигин демонстранттарга күч колдонбоого чакырып, мыйзам долбоору парламентте кабыл алынса, вето коюуга убада берген.

Бүгүн, 9-мартта массалык нааразылыктарга алып келген «чет элдик агенттер» мыйзам долбоору парламенттен чакыртылып алынды. Мындай аракет эмнеден кабар берет жана кыргыз бийлиги кандай сабак алышы керек?

Грузияда сунушталган «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзамга ылайык, сырттан 20%дан ашуун каржылоо алган бардык уюм «чет элдик агент» катары каттоодон өтүүгө милдеттендирилмек. Документти биринчи окууда 76 депутат «макул», 13 депутат «каршы» добуш берген.

Оппозиция менен жарандык коом башкаруучу партия сунуш кылган долбоор өлкөнү авторитаризмге сүйрөйт деп чочулап, бул мыйзамга тикелей каршы чыгышкан.

Грузиянын нааразылыгын жараткан «чет элдик агенттер» мыйзам долбоорун парламент 9-мартта чакыртып алды. Бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы, «Эл бийлиги» коомдук кыймылы жана парламенттик көпчүлүк биргелешкен билдирүү таратты.

«Кабыл алынган мыйзам долбоору коомдо кайчы пикирлерди жаратканын көрүп жатабыз. Мыйзам долбоору терс өңүттө көрсөтүлүп, калктын белгилүү бир бөлүгүн адаштырганга жетишти. Мыйзам долбооруна «Орусия мыйзамы» деген жалган жалаа жабылып, анын биринчи окууда кабыл алынышы коомчулукта европалык багыттан чегинүү катары бааланды», — деп айтылат тараптардын билдирүүсүндө.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай мыйзамдын чакыртылып алынганын Грузияны евроинтеграцияны жана европа баалуулуктарын, адам укуктарын жана демократияны көздөгөн мамлекет катары көрсөткөнүн айтып, өтө жакшы жаңылык экенин белгиледи.

«Жарандык коомго кысым кылынбашы керек. Эгер бул мыйзам кабыл алынып кала турган болсо, евроинтеграцияга кирүүгө таптакыр үмүтү үзүлүп калмак. Ошондуктан бир нече күн башаламандык акциялар болгону үчүн парламент ойлонуп, мыйзамды артка кайтарганы өтө жакшы жаңылык болду».

Былтыр Жогорку Кеңештин жыйында депутат Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишине нааразы пикирин билдирип, «бийлик бутактарына тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатат» деп сындаган. Буга байланыштуу аларга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштап, жазылып, аягына чыкпай калган мыйзам долбоорун кайра кароого чакырган.

Жарандык коом депутат козгогон мыйзам долбоору сөзмө-сөз Орусиядан көчүрүлүп алынганын айтып, «плагиат» деп аташкан.

Демилгечилер Орусия чоң держава болгондуктан чет элдик гранттар жок болсо да, өз ишин уланта берерин, Кыргызстанды Орусия менен салыштырууга болбосун, себеби өлкө гранттык жеңилдиктер менен гана жашап келерин белгилешкен.

Саясат талдоочу Эмил Жороев Грузиядагы массалык башаламандыктарды Орусиянын таңуулап жаткан саясатына каршылык катары баалайт. Ошондой эле кыргыз бийлиги жана депутаттар ушул сыяктуу мыйзамдарды кабыл алардан мурда дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жана бул мыйзамдын таасири канчалык оң болорун эске алышы керектигин эскертет.

«Биздеги парламенттин өкүлдөрү жана бийлик башындагылар «Ушундай мыйзамдардын бизге кереги барбы? Кандай максаттарга жете алабыз?» деген суроолорду ойлонсо жакшы болмок. Анткени териштире келгенде бул мыйзамдардын пайда алып келбеси талашсыз, негиз да жок минтип ойлогонго. Анын бирден-бир чечкиндүү жардам бере турган жери Орусиянын геосаясатта пропаганда иштерин алып баруусуна курал болуп бере ала турган жагдайы бар. Ошондой кадамга баруудан баш тартканыбыз туура болмок».

Жарандык активист Адил Турдукулов нааразылык акциялары аркылуу грузин эли, оппозициясы жеңишке жеткенин белгиледи. Бирок аталган мыйзамдын демилгеленишин «шылтоо» деп атап, буларга токтолду:

«Бул бир жагынан «шылтоо» болду. Анткени азыркы тапта Грузия бейтарапта, Орусияны да, Украинаны да колдогон жок. А чыныгы Грузия эли Украина тарапта болгону өкмөткө жана парламентке болгон нааразычылыктардын күчөшүнө алып келди. Сөзсүз түрдө бул — демократиянын жеңиши. Грузия бир нече жолу ошол аркылуу жеңип, үлгү болуп келген. Бир жагынан биздин мыйзам чыгаруу органына да белги болор, ушул сыяктуу демилегелерди көтөрбөйт, элдин нааразычылыктары күчөбөйт деген үмүт бар менде».

Оппозициялык күчтөр «Бийлик Орусиянын жолуна түшүп, оюн билдирүү эркиндигин, жарандык жигерди чектеп жатат» деп айыптаган. Алар долбоор демократияга каршы келерин, Грузиянын Европага кошулуусуна тоскоол болорун эскерткен.

Кыргызстандагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыргыз бийлиги жана парламент Орусия таңуулап келген мыйзамдарды, тактап айтканда, сөз эркиндигине басым жасаган, өкмөттүк эмес уюмдардын ишин көзөмөлдөгөн жана ММКлардын ишин жөнгө салган мыйзамдарды арка кайтарып, Грузиядан сабак алууга чакырышты.

Copyright © 2017 Maral FM