Биз менен байланышыңыз

«Баа саясаты»: Эми мамлекет базар баасына төрт учурда кийлигишет

Саясат | 9 Мар 2023 | 615 | 0

Жогорку Кеңештин 9-марттагы  жыйынында «Баа түзүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Долбоор өлкөдөгү мамлекеттик баа саясатынын укуктук негиздерин белгилеп, аны жөнгө салуу ыкмаларын, киргизүү жана колдонуу тартибин аныктайт. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам долбоорунда бааларды жөнгө салуу тартибин киргизүүнүн босого өлчөмүн 20%дан 0%га чейин кыскартуу сунушталууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов баяндагандай, «Баа түзүү жөнүндө» мыйзам долбоору бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуу системасын өнүктүрүүгө, эркин баа түзүүнүн жана бааларды (тарифтерди) мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук-экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүүгө багытталган.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, буга чейин мамлекет негизги социалдык азыктар бир айдын ичинде 20 жана андан ашык пайызга жогорулаган учурда гана бааларды жөнгө салып келсе, эми төрт учурда баа тарифтерине кирише алат.

Кошумчалай кетсек, учурда Өкмөттүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги токтому менен бекитилген өлкөнүн ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси бар. Алар:

  1. Биринчи сорттогу буудай уну
  2. Биринчи сорттогу ундан жасалган нан (форма), нан азыктары (тортиля)
  3. Майлуулугу 2,5-3,2% болгон сүт, быштак
  4. Күн карама майы
  5. Май (тузсуз, 72,5% кем эмес толтургучтар жана өсүмдүк майлары жок)
  6. Кара чай, көк чай (жалбырак чай)
  7. Эт (уй эти, кой эти, чочко эти, канаттуулардын эти)
  8. Балык (сазан, сельд, скумбрия, лосось тукумдары)
  9. Кант
  10. Йоддолгон туз
  11. Күрүч
  12. Гречка
  13. Таруу
  14. Макарон
  15. Тоок жумурткалары
  16. Балдар азыктары (кургак аралашмалар жана жармалар)
  17. Жашылчалар (картошка, пияз, сабиз, ак капуста, помидор, бадыраң, сарымсак)
  18. Алма
  19. Көмүр
  20. АИ-80 жана АИ-92 бензини, дизель майы
  21. LPG
  22. Жасалма булалардан жасалган жибек кездемелери
  23. Тигүү жиптери
  24. Минералдык жер семирткичтер
  25. Жем (чөп, саман, силос, сенаж, кебек, дан)

Эми күнүмдүк керектелүүчү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу төрт учурда: өзгөчө абалда, азык-түлүк кооптуулугу жаралган маалда, Монополияга каршы агенттиктин талдоолорунун жыйынтыгында, Экономика министрлиги өзүнүн ыйгарым укугу менен кийлигишет.

Кеңешбай Тайлаков агенттик баалардын негизсиз көтөрүлүшү боюнча гана иштерди алып бара турганын белгилеп, импортко көз каранды өлкө болгондуктан товарлардын дүң баасына таасир бере албай турганын түшүндүрдү.

«Товарлардын чет өлкөдөгү дүң баасы көтөрүлгөндө биз таасир бере албайбыз. Себеби импортко көз карандыбыз. Башка өлкөлөрдөгү товарлардын баалары боюнча да маалыматтарды алып, иштерди жүргүзүп жатабыз. «Канча сомдон келип жатат, кайсы компаниялар алып келип жатат, канча пайыз үстөк баа кошуп жатат?» деп».

Талкуу маалында депутаттар базардагы бааларды көзөмөлдөөгө байланышкан бир топ көйгөйдү көтөрүштү. Депутат Максатбек Сарбагышев «бааларды негизсиз көтөрдү» деп айыптоодо бардык сатуучуларга калыс мамиле кылуу керектигин сунуштады.

«Биринчи кезекте шартын түзүп берип, ага карап иш алып барсак. Себеби, карапайым эл бизде баа канча турса да, айыл чарба иштерин өзүнүн аракети менен аткарып жатат. Аларга бааны «мынча кой!» деп айта албайбыз. Анан «негизсиз көтөрдү» дегендерди калыстык менен карасак. Импорт менен бирге экспортту да карасак». 

Азык-түлүктүн жана күйүүчү майдын наркынын жогорулашынан башка транспорттун баасын көзөмөлдөө керектигин депутат Мирлан Самыйкожо белгиледи.

Буга чейин товардын баасынын өсүшү 20 пайыздан өтсө гана өкмөткө кабар берилип, андан соң буйрук чыгып, аягында бааны көзөмөлдөө Антимонополияга жүктөлүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM