Биз менен байланышыңыз

Чүй менен Нарында облустук милициянын жетекчилери алмашты

Кыска кабар | 8 Мар 2023 | 308 | 0

Чүй облустук жана Нарын облустук ички иштер башкармалыктарына башчылары, ИИМдин Күзөт кызматына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун буйругу менен:

  • полковник Сапарбек Асаналиев Чүй ОИИБдин жетекчиси кызматынан Нарын ОИИБдин жетекчиси кызматына;
  • полковник Дамирбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилигинен Чүй ОИИБдин жетекчиси кызматына;
  • полковник Каныбек Абдырахманов Чүй ОИИБдин жетекчисинин ыкчам иштер боюнча орун басарлыгынан ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилигине;
  • полковник Таланбек Аттокуров Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчилигинен Жайыл РИИБдин жетекчиси кызматына;
  • полковник Искен Базаркулов Жйыл РИИБдин жетекчилигинен Чүй ОИИБдин жетекчинин ыкчам иштер боюнча орун басарлыгына (убактылуу милдетин аткаруучу);
  • полковник Руслан Кадыров Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси кызматына барышты.

Айта кетсек, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев кечээ, 7-мартта Садыр Жапаровдун жарлыгы менен президенттин Чүй облусундагы өкүлү кызматына дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM