Биз менен байланышыңыз

Жер амнистиясын ишке ашыруу талаш жаратты

Саясат | 7 Мар 2023 | 625 | 0

Президент Садыр Жапаров бир жыл мурда кабыл алынган «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамды толук аткарбаганы үчүн Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан бошотту. Ага кошумча Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Өткөн жылдын апрель айында аталган мыйзам менен жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары үйлөрүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жер мунапысынын айланасындагы маселелерге алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров 6-мартта өткөн «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешмеде жоболорду жүзөгө ашырууда иш канааттандырарлык эмес экенин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын сынга алды.

Мыйзамды толук аткарбаганы үчүн Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев кызматынан алынды. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 «кызыл китеп» берилген.

Буга чейин Аламүдүн районунун акими Бактыбек Анаркулов да жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган.

Айта кетсек, мамлекет башчысы өткөн жылдын апрель айында жергиликтүү жетекчилерге тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине документ берүүнү тапшырган.

Президенттин буйругу менен Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алып салынганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо жаңы конушуна барганда, жергиликтүү тургундар аталган токтомдогу 27-пункт жер амнистиясын толук ишке ашырууга бир топ тоскоолдук жаратып жатканын билдиришкен.

Мындан улам мамлекет башчысы жергиликтүү жетекчилерге мындан ары жарандардын жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуусуна жол бербөө боюнча талап койгон.

Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директорунун орун басары Нурия Сооронова токтомдун 27-пунктун алып салуу менен бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин белгиледи.

Биринчи Май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбековдун айтымында, Садыр Жапаров жер амнистиясы боюнча туура жана эрктүү чечим кабыл алган. Азыр айрым жерлер боюнча иштер сотко өтүп, жыйынтыгында үйлөр сүрдүрүлүп жатат. Ал эми соттун чечиминин негизи башка маселе.

«Эми бул комплекстүү маселе. Берилген убакыт бир аз азыраак болуп калды. Президент эрктүү чечим кабыл алды. Конкреттүү, башкача айтканда, талашы жок жерлерге токтомго ылайык кызыл китептерди берип, ал эми талаштуу жерлерге узагыраак убакыт берип, ар бирин өзүнчө териштирүү жолу менен кызыл китептерин берүү чечимдерин кабыл алышы керек».

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рыспай Аматов жерлерге мунапыстын берилиши менен келечек муундун туруктуу каттоого туруусуна, социалдык кызматтарды колдонуусуна, билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтат. Ошол эле учурда ал «жер мафияларын» элдин жардамы менен жоопкерчиликке тартуу зарыл деп эсептейт.

«Жер мафиясы саясатка да кирип кеткен, туруктуу бир топтогу адамдардан турат. Элдин алдына чыгып, эл тарап болуп сүйлөп, ошол эле учурда мыйзамсыз жер саткандар да бар. Аларды түп-тамырынан жок кылуу канчалык мүмкүн билбейм, бирок элдин жардамы менен жоюп, жоопкерчиликке тартуу керек. Сатып алып жаткан адамдар ошол жер боюнча иликтөө жүргүзүшү керек. Ошондо эле алардын тизмеси чыгып калат. Бир адам 200-300 адамга жер саткан учурлары бар. Аларды жерлерди мыйзамсыз сатып, миңдеген адам алардын кесепетинен жабыркап жүрөт».

Жер ресурстары кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айында Кыргызстанда жер мунапысы боюнча 71 миң 794 арыз түшкөн. Анын ичинен 8 273 адамдын тизмеси коомдук талкууга коюлган. Ошондой эле өлкө боюнча 12 237 техникалык паспорт жана 444 мамлекеттик күбөлүк берилген.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM