Бүгүн, 2-мартта мамлекеттик органдардын жана министрликтердин ишин көзөмөлдөгөн коомдук кеңештерди жоюу демилгеси талкууланып, катышкандар резолюция кабыл алышты.
Министрлер кабинети коомдук кеңештерди жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун февралдын башында талкууга чыгарган.
Демилгечи орган коомдук кеңештерди жоюу максатын «алардын иши натыйжасыз» деген жүйө менен негиздейт.
Ал эми мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук (байкоочу) кеңештердин мүчөлөрү бул кызмат жарандык коомдун натыйжалуу институту болуп саналарын белгилешип, алардын зарылчылыгын айтышты.
Байкоочу кеңештер эмне үчүн керек жана алар өлкөгө эмне кызмат кылат?
Уюштурулган иш-чарага Юстиция министрлигинин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары чакырылган, бирок бир да өкүл келбегени катышуучуларды нааразы кылды.
Коомдук кеңештин өкүлдөрү байкоочу кеңештердин жоюлушу тууралуу документти кайра чакыртып алууну суранышууда.
Коомдук кеңештерди жоюу чечими — өлкөдөгү ачык-айкындыктын деңгээлин төмөндөтүүгө, министрликтер менен мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык тобокелдиктерди жогорулатууга жана бийликке болгон ишенимдин деңгээлине терс таасир этиши мүмкүн экендиги белгиленди.
Коомдук кеңештер бир жагынан мамлекеттик мекемелер аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу, экинчи жагынан аталган мекемелердин ишиндеги ачыктыкты камсыздап, коррупциянын алдын алуу максатында түзүлгөн.
Мурунку миграция кызматынын коомдук кеңешинин төрайымы Нурбүбү Керимова коомдук кеңештердин зарылчылыгын мындай түшүндүрдү:
«Биз мамлекетке жардам берип жатсак, алар: «Силердин керегиңер жок. Себеби ар мамлекеттик органда коомдук сайттар бар», — деп жатышат. Мындай карап көрсөк, айылдарда жашаган, тоолуу аймактарда жашаган жарандарыбыз интернетке кирип сайтка жазышабы? Жок да, мен өзү Балыкчы шаарынан болом, жадагалса жакын эле Балыкчыда интернет жакшы тартпайт.
Андыктан бул байкоочу кеңештерди сактап калуу максатында биз бийлик өкүлдөрү менен жолугуп: «Сиздерден бизге эч нерсенин кереги жок. Андан көрө биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздөн пайдалангыла. Себеби 2010-жылдан бери бул чоң армия сыяктуу түзүлүп калды. Биз силерге кеңеш беребиз, көзөмөлдөйбүз жана каталарды айтып турабыз», — деп түшүндүрүп айттык».
Коомдук кеңештер министрликтерде жана мамлекеттик комитеттерде түзүлөт. Алар мамлекеттик органдар менен коомго көпүрө болушат.
Кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык биримдиктердин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер кирет.
Коомдук кеңештер ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкуулоого катышат, коомдук демилгелерди карайт жана мамлекеттик органдарга тиешелүү тармакты жакшыртуу боюнча сунуш берет.
Ушул тапта түрдүү тармактардагы коомдук кеңештерде 400дөн ашуун адам ыктыярчы катары эмгектенип келет.
Ар бир министрликтин жана мамлекеттин органдын курамында байкоочу кеңеш болушу керектигин коомдук кеңештин координациялык кеңешинин төрагасы Төлөнбек Абдыров билдирди.
Анткени коомчулукта болуп жаткан маселелерди, көйгөйлөрдү тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жеткирүү маанилүү деп эсептейт.
Ал байкоочу кеңештер жоюлса, мамлекет кандай кесепеттерге кептелерин айтып берди.
«Мамлекеттик органдарда ар кандай тендерлер өтөт, бюджеттик каражаттар сарпталат, алардын канчалык натыйжалуу сарпталганын, кайсы чечимдер ишке ашып жатканын, айрыкча экономиканы өнүктүрүүдө кандай багыттар жөнгө салынып жатканын коомдук кеңештердей башка эч бир кызмат же орган көзөмөлдөй албайт. А жогоруда белгиленген нерселер көзөмөлдөнбөсө, мамлекет аябагандай чоң көйгөйлөргө кептелет».
Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, коомдук кеңештер конкреттүү сунуштарды киргизбейт, анткени бардык ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдар өз алдынча иштеп чыгат. Юстиция министрлиги жарандар мамлекеттик органдын ишине коомдук кеңештердин жардамысыз эле катыша алат деп эсептейт.
Министрлик мамлекеттик органдар коом менен иштешүүнү токтотпойт деп убада бергени айтылат.
Ал эми саясат талдоочу, коомдук кеңештердин мурдагы мүчөсү Алмаз Тажыбай бийликтин коомдук кеңештерди жоюу демилгесине мындай баа берди.
«Бул демилге – жемкорлукка жол берүү. Бийликте отурган сабатсыз саясатчылар иштеринин көзөмөлдөнүшүн жаап-жашырууну көздөп жатышат.
Ошондуктан президентке, өкмөт башчысына кайрылып, коомдук кеңештердин сактап калууну талап кылуу керек».
Коомдук кеңештердин мүчөлөрү 12 жыл ичинде мындай кеңештер экономиканын өсүшүнө, элдин жеткиликтүү турак жай менен камсыз болушуна, коррупциянын азайышына, сот системасынын реформаланышына, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактардын натыйжалуу иштөөсүнө алып келди.
Коомдук же байкоочу кеңештер 2010-жылы Роза Отунбаева президент болуп турганда мамлекеттик мекемелердин ишинин ачыктыгын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Отунбаеванын бул демилгеси жарандык коом жана ишкерлер тарабынан колдоо таап, 2014-жылы «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңеши жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынган.