Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэринин жылдык отчету жана «мега» убадалары

Коом , Саясат | 1 Мар 2023 | 413 | 0

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бир жылдык ишинин жыйынтыгы менен тааныштырды. Анда ал бул аралыкта кандай иштер аткарылганы жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Негизги көйгөйлөр катары коомдук транспорт, таштанды полигону, көп кабаттуу курулуштардын сапаты сыяктуу маселелер качан жана кандай жол менен чечилери жөнүндө пландар айтылды. 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров басма сөз жыйында мындан ары борбордо мыйзамсыз курулуш болбой турганына ишендирди. Ал курулуш эрежелерин бузган же сактабаган көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү зарылдыгын айтты.

«Мен куруучу катары айтып коёюн, бардык нормаларды аткарып салынган үйлөр 8-9 баллдык жер титирөөгө туруштук бере алат. Бирок кээ бир курулуш компаниялары бар, адис эмес, лицензиясы болсо да, өнүдүрүштүк, каржылык базасы жок. Элдин акчасын чогултуп алып, анан курулуш каражаттарынан, арматурадан үнөмдөп калган үйлөр 8-9 баллга чыдабайт. Андай үйлөр да бар, алардын баарын текшерип, ордуна келтирүү керек».

Борбор калаадагы дагы бир чоң көйгөйгө айланып, элдин ден соолугуна зыян келтирип жаткан маселе таштанды полигонунун иретке келбей, атайын заводдун көп жылдан бери курулбай жатканы болуп эсептелет.

Мэр Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводду чехиялык компания кура турганын белгиледи. Анын айтымында, завод куруу маселесин талкуулоо үчүн бүгүн чехиялык компаниянын өкүлдөрү менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушкан жана алдыда жол картасы иштелип чыгат.

«Завод курууга сарптала турган 45 млн долларды Чехиянын компаниясы бөлөт. Алардын таштандыны кайра иштетүүчү завод курууда чоң тажрыйбасы бар экен. Салынган инвестиция 15 жылда өзүн актайт. Ошондой эле таштанды тазалоону, чогултууну, аны иштетүүнү мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүнүн негизинде ишке ашыруу да пландалып жатат».

Буга чейин Бишкекте коомдук транспорттун тарифин көтөрүү сунушталган. Ага ылайык, троллейбус менен автобустун жол киреси 15 сом, маршрутка саат 6:00 — 20:30 аралыгында 21 сом, саат 20:30 — 6:00 аралыгында 32 сомду түзмөк. Бул боюнча мыйзам долбоору даярдалып коомдук талкууга чыгарылган.

Ал эми борбор калаанын мэри Бишкекте коомдук транспортко жол кире көтөрүлбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, муниципалитет жол кирени көтөрүү боюнча долбоорду кайтарып алды.

«Эгер жүргүнчүлөр накталай төлөй турган болсо, анда автобуска 11 сом эмес, 15 сом деп сунуштап жатабыз. Себеби биз накталай эмес төлөмгө өтүшүбүз керек. Бирок жол кирени көтөрүү боюнча токтом долбоорун кайра артка чакыртып алдык. Себеби нааразычылыктар көп болуп, эл тарифти көтөрө албашын билдиришти. Азыр тариф көтөрүлбөйт».

Борбордогу жол тыгын көйгөйү быйыл толук чечилет. Мэрдин айтымында, Азия өнүктүрүү, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банктары Бишкекке 500 газ менен жана электр менен жүргөн автобустарды сатып алуу үчүн каражат бөлгөн.

Мындан сырткары жыл аягына чейин дагы жаңы автобустардын алынып келиши күтүлүүдө.

«Жыл аягына чейин дагы 1500 автобус келет. Учурда Кытай жана Беларусь өлкөлөрү менен сүйлөшүү жүрүп жатат. Ал өлкөлөрдө ишканалар жылына 30 миң автобус чыгара алат. Ал бардык көйгөйдү чечет. Андан тышкары ышты азайтууга салым кошот. Айтылган көйгөйдү чечүү үчүн жол карта түзүлүп, план иштелип чыккан».

Жыйында Бишкектеги ыш маселеси да козголбой койгон жок.

Себеби акыркы жылдары кышында Бишкек абасы кир шаарлардын сап башында туруп калган.

Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, Бишкектеги көмүр менен иштеген 22 отказандын баары газга которулат. Шаарда үйлөрдү жылыткан жалпы 47 отказан бар.

«Анын 22си көмүр менен иштейт. Жылына үч-төрттөн отказанды газга которобуз деген программа бар экен. Бирок биз аны үч-төрт жылга созбошубуз керек. 2023-жылы 22 отказанды газга которобуз. Отказандарды Түркиядан алып келдик. Быйылкы жылытуу маалы бүтөрү менен жумуштарды баштайбыз».

Абдыкадыров кийинки күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын аймагына Кара-Кеченин көмүрүн ташууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатканын белгиледи.

Мындан сырткары шаар ичиндеги 47 конуштун 22сине газ кирген эмес. 2023-жылы беш конуш газга өтөрү, ал эми калганы кийинки жылдары ишке ашары белгиленди.

Быйыл 24-февралда президент Эмилбек Абдыкадыровду Бишкек шаарынын мэри кылып дайындаганына бир жыл толду. 2020-жылдын күзүнөн бери ал мэрдин кызмат ордунда 12 ай аркалаган биринчи адам болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM