Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Былтыр китеп фонду 19 млн экземплярды түздү

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 286 | 0

2022-жылы жалпы китеп фонду 19 млн 365 миң 293 экземплярды түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 1 млн 10 миң 666га көп.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча 11 китепканада 20 миң 548 китеп санариптештирилди.

Китепканага катталган окурмандардын саны 5 миллиондун тегерегинде болду, жыл ичинде 10 млн 404 миң 884 окурман тейленип, 10 405 200 китеп берилген.

Өлкө боюнча 150 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунда иш-аракеттер жүргүзүлүп, 3 -7 жашка чейинки балдар бир жумада эки жолу 3 сааттан акысыз билим алышты.

Министрлик тарабынан өлкөдөгү китепканалардын фондун толуктоого 5 млн сом акча каражаты бөлүндү. Муну менен китепканалар акысыз негизде 28 түрдүү аталыштагы 7650 нуска китеп менен камсыздалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM