Биз менен байланышыңыз

Нарын жана Ысык-Көл райондорунун акимдерине унаалар тапшырылды

Кыска кабар | 26 Фев 2023 | 373 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Жумгал, Нарын райондорунун мамлекеттик администрация башчыларына кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Автоунаалардын ачкычын президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Сабыркул Ашимбаев жана Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов тапшырды.

Алыскы аймактар үчүн Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатылып алынган. Анын ичинен 5 унаа Нарын облусундагы акимдерге берилди.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусундагы акимдерге да 5 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Автоунаалардын ачкычын район жетекчилерине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM